Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:43

Орусияда кыргызстандык окуучу бычактан жараат алды


Москва.
Москва.

Орусиянын Мытищи шаарындагы мектепте эки окуучунун ортосунда чыр чыгып, бири экинчисин бычак менен жарадар кылган. Жараат алган өспүрүм Кыргызстандын жараны экенин Москвадагы элчиликтен кабарлашты. Маалыматка караганда, ал 14 жашта. Өспүрүмдүн апасынын айтымында, анын өмүрүнө коркунуч жок.

Учурда Москва облусунун укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө.

Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар.
Бейрасмий эсепте 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG