Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Зеленский кризисти дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды


Украинанын президенти Владимир Зеленский. 19-февраль, 2022-жыл. Мюнхен.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 19-февраль, 2022-жыл. Мюнхен.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 20-февралда жасаган билдирүүсүндө баарын «үн катпоо» режимин күйгүзүп, кризисти тынч жол менен чечүү аракетин күчөтүүгө чакырды.

Ал ошондой эле үч тараптуу байланыш тобунун жолугушуусун «чукул» өткөрүүгө чакырды. Ага Украина, Орусия жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму кирет.

Бул топ 2014-жылы Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер менен Киевдин жаңжалы башталганда түзүлгөн.

Зеленский ушул күнү Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен телефондон сүйлөшкөн. Андан мурда Макрон орус лидери Владимир Путин менен телефондон баарлашкан. Алар эмне жөнүндө сүйлөшкөнү так айтылган жок.

19-20-февраль күндөрү Украинанын чыгышында Киевдин күчтөрү менен Москва колдогон жикчилдердин ортосунда ок атышуулар болгону кабарланууда. ЕККУнун байкоочу миссиясы ок атышпоо режимин бузган учурлар кескин көбөйгөнүн билдирди.

Атышууда эки украиналык аскер каза болгону расмий кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG