Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:39

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:53 24.9.2022

Украинанын Орусия жарым-жартылай басып алган төрт облусунда орус бийлиги колдогон топтор Орусиянын курамына кирүү тууралуу “референдумдарды” өткөрө башташты. Украинанын расмий бийлиги аталган аймактарда адамдарды мажбурлап добуш бердиртип, коркутуп, үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, добуш берүү аяктаганча башка аймактарга чыгууга тыюу салып жатышканын билдирүүдө.

Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва көзөмөлдөгөн администрациялары уюштурган добуш берүү 23-сентябрда башталып, 27-сентябрда жыйынтыкталары айтылды.

13:51 24.9.2022

Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын Одесса шаарын камикадзе-дрондор менен аткылады. Бул тууралуу Украинанын жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлады.

Телеграм-каналдарда шаардын үстүндө дрондордун учуп жүргөнү, чабуул жасаганы жана өздөрү талкаланганы тартылган видеолор жарыяланууда. Шаарда бир жайкын тургун өлүп, порттук зонадагы административдик имарат жана башка объектилер талкаланганы кабарланды.

23:14 22.9.2022

Орусиянын бийлиги Украинанын Донецк облусундагы жикчилдердин колунда жаткан чет элдик он туткунду бошотту. Бул тууралуу кабарды Reuters маалымат агенттиги расмий булактарга таянуу менен кабарлады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, Улуу Британиянын беш жараны, АКШнын эки жараны, ошондой эле Швециянын, Хорватиянын жана Марокконун бирден жараны бар. Бошотулгандардын аты-жөнү толук айтылган жок.

23:14 22.9.2022

Орусиянын коңшу мамлекеттер менен чек арасындагы автомобилдик өткөрмө бекеттерде узун тыгындар пайда болду. "Яндекс.Карта" сервисиндеги маалыматтарга ылайык, Казакстан, Грузия, Беларус жана Финляндия менен чектешкен жерлерде машинелер кезекте турганы көрүнүп турат.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG