Бишкек: Украинага тилектештик билдирген активисттер
24-февралда Украинанын Бишкектеги элчилигине 30га чукул активист чогулду. Алар үч жылдын аралыгында согушта курман болгон украиналыктарды эскерип, Орусиянын агрессиясын айыпташты. Бул арада Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-сессиясында сүйлөп жатып, Кыргызстан Украинада бекем тынчтыкты орнотуу максатында жүргүзүлүп жаткан эл аралык аракеттерди кубаттарын белгиледи.
Украинада дайынсыз жоголгон кыргызстандыктар
Соңку 13 айда Украинанын “Хочу жить” долбооруна 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылган. “Азаттык” алардын кеминде жыйырмасынын аты-жөнүн аныктап, жакындары менен байланышты. Орусия тарапта согушуп жүрүп, дайынсыз болгондор кимдер? "Биз жана дүйнө" берүүсүндө талдадык.
БУУ: АКШ Украина сунуштаган резолюцияга каршы добуш берди, Кыргызстан калыс калды
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 24-февралдагы сессиясында Орусиядан Украинадагы аскерлерин тез арада чыгарып кетүүнү талап кылган, Киев жана Европа мамлекеттери даярдаган резолюцияга АКШ каршы добуш берди.
Кошмо Штаттардын БУУдагы убактылуу өкүлү Дороти Ши бул документти жана Орусия сунуштаган дагы бир резолюцияны “согушту токтотуунун ордуна сөздөрүн кармашын көздөгөндүк" деп сындады.
Ошого карабастан бул резолюцияны Европа мамлекеттеринин көбү колдоп, документ 93 добуш менен кабыл алынды. Ал эми дагы 65 өлкө калыс калды. Добуш берүүдөн кармангандардын катарында Кыргызстан дагы бар.
АКШдан тышкары бул резолюцияга Орусия жана дагы 16 мамлекет каршы болду.
Бул мурунку добуш берүүлөргө караганда төмөн көрсөткүч. Буга чейин 140тан ашуун өлкө Орусиянын агрессиясын айыптап, Москвадан Украинанын төрт аймагындагы оккупациясын токтотууну талап кылган.
БУУдагы добуш берүү Орусиянын Украинага согуш ачканынын үч жылдыгына туш келди.
Ушул эле күнү Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШ өзүнүн резолюциясын сунуштады. Анда согуш эки өлкө ортосундагы "жаңжал" катары сыпатталып, Украина менен Орусиянын ортосунда "узакка созулуучу тынчтыкты" орнотууга байланыштуу чакырык камтылган.
Улуттар уюмунун басма сөз кызматы жазгандай, Американын резолюциясы Евробиримдик сунуштаган өзгөртүүлөрдөн кийин 93 добуш менен жактырылды. Ага сегиз өлкө, анын ичинде Орусия каршылыгын билдирип, калгандары добуш берүүдөн карманышты.
Башкы ассамблея Орусия сунуштаган резолюциянын долбоорун колдогон жок.
193 мүчөсү бар БУУнун Башкы ассамблеясынын бул резолюциясынын юридикалык күчү жок. Бирок уюмдун жана ага мүчө болгон көпчүлүк мамлекеттердин пикирин чагылдыруучу көрсөткүч катары бааланат.
ЕБ лидерлери Украинага колдоосун билдиришти
Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда Киевде өткөн "Украинаны колдойбуз" саммитинде ондогон мамлекеттин лидерлерин кубаттады.
"Лидерлер, онлайн болобу, оффлайнбы, биздин суверенитетти, аймактык бүтүндүгүбүздү колдошот. Бул Орусиянын Украинага каршы негизсиз, кылмыштуу согушу экенин баарыбыз түшүнүп турабыз", - деди Зеленский.
Ал Киевде кеминде 13 мамлекеттин лидери менен жолукту. Жыйырмадан ашууну жыйынга онлайн катышты.
Бул саммит АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын согушту токтотуу боюнча жаңы дипломатиялык басымынан кийин өтүп жатат. Вашингтон менен Москванын Сауд Арабиясында өткөн жолугушуусунан кийин Украина менен Евробиримдик аларга пайдасыз келишим түзүлүп каларынан кооптонуп турушат.
"Согушту баштаган Орусия", - деди Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер саммитке онлайн катышып жатып.
Ал эми Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жыйында Украинага "курал-жабдык жана ок-дары жеткирүү тездетилерин" жана 3,5 миллиард долларлык жаңы жардам көрсөтүлөрүн убада кылды.
Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес дагы 1 миллиард евролук аскердик жардам жана жабдык жөнөтүүгө сөз берди.
Ал эми Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо Киевге жаңы аскердик жардам жиберерин жана Орусиянын камакка алынган активдерин Киевге берерин айтты.
24-февралда Орусиянын Украинага кол салышына үч жыл болду. Орусиянын президенти Владимир Путин согуш ачкандагы максатын Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден бошотуу” катары түшүндүргөн. Бирок анын чоо-жайын так айткан эмес.