Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40
Орус армиясынын жоокерлери
Орус армиясынын жоокерлери

Түз ободо Украина: Орусиянын 15 генералы согушта набыт болду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:01 21.6.2026

Ишембиде күндүз Орусиянын армиясынын соккусунан Запорожьеде беш адам мерт болду, дагы он киши жараат алды.

Мурдараак облустук аскердик администрация башчысы Иван Фёдоров соккудан төрт адам мерт болгонун билдирген, кийинчерээк куткаруучулар уранды арасынан бир аялдын сөөгүн табышты. Орусиялык аскерлер шаарга тогуз башкарылуучу авиабомба таштаганы кабарланууда.

Орусиянын чабуулу тууралуу Сумы жана Днепропетровск облустарынын бийликтери да маалымдашты. Башкарылуучу авиабомбалар менен жасалган чабуулдун натыйжасында ишембиде Сумынын четинде бир адам мерт болуп, үч киши жараат алганын облустук администрация башчысы Олег Григоров билдирди. Соккудан кеминде жыйырмадай жер үй жабыркады.

Украина президенти Владимир Зеленский ишембинин кечинде жакынкы убакта Орусия тарапка жапырт сокку болорун эскертти. "Орусиялыктар жаңы жапырт соккуга даярданышты. Эми өзүңөрдү сактагыла", - деп айтты кечки видеокайрылуусунда.

Орусия 20-июнга караган түнү да Украинанын бир катар шаарларына чабуул коюп, бир адамдын өмүрү кыйылган, он чакты адам жаракат алышкан.


17:17 20.6.2026

Орусия 20-июнга караган түнү Украинанын Харьков шаарына башкарылуучу авиациялык бомба менен сокку урганын калаа мэри Игорь Терехов билдирди. Анын айтымында, кол салуунун кесепетинен көп кабаттуу эки үй зыянга учурады.

Эртең менен издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө урандылардын астында каза болгон адамдын сөөгү табылды. Дагы тогуз адам жараат алды, арасында алты жашар бала бар.

Жалпысынан, Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, 20-июнга караган түнү Орусия ар кандай типтеги 99 учкучсуз учак менен аткылады, алардын 92си атып түшүрүлдү.

19-июнга караган түнү да аталган аймак соккуга кабылган, тогуз адам, анын ичинде төрт бала жабыркаган. 40тан ашуун жеке үй жана кампа зыян тарткан. Запорожье да аткылоого кабылып, май куюучу станцияда өрт чыккан, эки адам жараат алган. Ал эми Днепропетровск облусунун Павлоград шаарында орусиялык дрондун соккусунан сегиз жаштагы кыз каза болуп, дагы бир аял жараат алган. Одесса облусунун түштүгүндө жарандык инфраструктура бутага алынган, жүк ташуучу унаа токтогон жерде өрт чыгып, бир адамдын өмүрү кыйылган, дагы төртөө жаракат алышкан.

Мындан тышкары, Орусиянын аскерлери Кара деңиздин акваториясындагы жарандык кемелерге чабуул коюшкан. Панаманын желеги менен жүргөн кеменин экипажынын мүчөсү каза болуп, эки деңизчи жараат алган. Ошондой эле Сент-Китс жана Невис желеги астындагы кемеге да сокку урулган - экипаждын үч мүчөсү жеңил жараат алган.

17:17 20.6.2026

Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларустан чек арага жакын жердеги ретранслятордук мунараларды алып салууну талап кылып, болбосо бул объектилерге сокку уруусу ыктымал экенин айтты.

19-июнда Гондурастын президенти менен берген маалымат жыйында Зеленский Минск Александр Лукашенконун билдирүүлөрүнө карабастан Украинага каршы согушка катышып жатканын билдирди. Анткени Беларустун эки облусунун аймагында Орусиянын украин шаарларына жасаган соккуларын багыттап турган техника жайгашканын айтты.

"Менимче, ага муну аткаруу үчүн бир жума жетиштүү болот. Себеби азыр ушунун айынан күн сайын биздин жай тургундарыбыз набыт болуп, балдар жараат алып жатат. Эгер ал муну кылбаса, биз кылабыз", – дед Зеленский.

Зеленский кошумчалагандай, Киевдин орусиялык мунай-газ өнөр жайына урган ийгиликтүү чабуулдарынан улам Беларус орус армиясы үчүн негизги күйүүчү май менен камсыздоочуга айланды.

Буга чейин Владимир Зеленский эгер Беларус тараптан коркунуч жаралса Киев бул республиканын жетекчилигине карата да "алдын алуучу" чара көрө аларын айткан.

Май айында Украинанын Коопсуздук кызматы өлкөнүн түндүгүндөгү беш аймакта чара күчөтүлгөнүн жарыялаган. Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматы украин-беларус чек арасындагы инфраструктуралык курулуштарды бекемдеп, аймакка кошумча миналарды орноткон.

Ал эми Александр Лукашенко 21-майда Минскиде согушка катышуу ниети жок экенин билдирген. Ошол эле учурда Лукашенко бул Беларус тарапка агрессия болгон учурда гана ишке ашарын тактаган. 16-июнда Лукашенко өлкө согушка кирүүгө ниети жок экенин жана жаңжалдын өз аймагына жайылышын каалабай турганын дагы бир жолу кайталаган.

15:47 19.6.2026

Москвадагы дрон чабуулу: "Садоводдо" өрттөн тажик соодагерлери жабыркады

Москвага коюлган дрон чабуулунун натыйжасында «Садовод» базарында чыккан өрттөн тажикстандык соодагерлер жабыркады.

«Озоди» радиосуна курган маегинде аты-жөнүн атагысы келбеген тажикстандык ишкер анын атыр саткан дүкөнү өрттөнүп кеткенин айткан. Ал жерде миллиондогон рублга бааланган товары болгон.

Соодагердин айтымында, «Садовод» базарында көптөгөн тажикстандыктар иштейт. Өрттөн негизинен базардын сырткы бөлүгүндө соода кылган ишкерлер жабыркаган.

Ал ошондой эле чабуул таңкы саат бештер чамасында болгонун, ал учурда соодагерлердин көбү базарда болбогонун белгиледи.

«Садоводдо» кыргызстандык соодагерлер дагы көп эмгектенишет. Алардын бири буга чейин «Азаттыкка» жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирген.

Орус бийлигинин маалыматына ылайык, дрондордун бири мунай ишканасына тийген. Ал эми абадан атып түшүрүлгөн учкучсуз аппараттын сыныктары «Садовод» базарынын аймагына кулап түшкөн.

Украин бийлиги билдиргендей, чабуулдун негизги бутасы мунайды кайра иштетүүчү жана өндүрүүчү ишканалар болгон. Киевдин пикиринде, Орусия Украинага каршы согушту дал ушул мунай сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен каржылап жатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул соккуларды Орусиянын чабуулдарына берилген адилеттүү жооп деп атаган.

«Биз бул согушту каалабайбыз жана эч качан каалаган эмеспиз. Муну баары билет, биздин өнөктөштөр дагы билет. Биз Украина душмандын чабуулдарынан күйүп кетишин каалабайбыз. Бирок Украина күйүп жатса, анда сиздердин Москваңыздар да күйөт. Ошондуктан дагы бир жолу баса белгилейм, агрессияны токтотууга жана бул согушту аяктоого убакыт келди», - деди украин президенти.

Акыркы айларда Украина Орусиянын аймагына, анын ичинде өлкөнүн эң алыскы аймактарына чейин жеткен дрон чабуулдарын күчөттү.

Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдуу согушу беш жылга жакын убакыттан бери уланып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG