Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:15
Украина.
Украина.

Украина: Бир нече аймак дрон чабуулуна кабылды, үч өлүм катталды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:13 12.7.2022

Украинада ракета тийген турак жайдын алдынан отуздан ашык өлүк чыгарылды

Орусиянын күчтөрү ракеталык сокку урган Украинанын чыгышындагы Часов Яр шаарындагы көп кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан куткаруучулар 31 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу шаар баш ийген Донецк облусунун Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

Жалпы тогуз адам аман куткарылды. Издөө иштери дале уланууда.

17:14 12.7.2022

Киев украиндерге Орусия жарандыгын тездетүүгө уруксат берген жарлыкты айыптады

Киев Орусиянын президенти Владимир Путиндин өлкөнүн бардык аймактарындагы украиндерге орус жарандыгын алууга уруксат берген жаңы жарлыкты айыптады.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 11-июлдагы билдирүүсүндө, "жарлык Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кезектеги кол салуу болуп саналат, эл аралык укуктун нормаларына жана принциптерине туура келбейт" деп айтылат.

17:14 12.7.2022

Чехия менен Германия газ көз карандылыгын бирге жеңүүнү келишти

Орусиянын энерго ресурстарына болгон көз карандылыктан чыгуу үчүн Чехия менен Германия энергетика тармагында кызматташуу тууралуу келишим түзүштү. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Германиянын экономика министри Роберт Хабек менен Чехиянын өндүрүш жана соода министри Йозеф Сикела чогуу жасаган билдирүүсүндө коңшу эки мамлекет Орусиядан жаратылыш газынын кыскаруусунан улам жаралган кризисти биргелешип жеңерин айтышты.

17:15 12.7.2022

Согуш башталгандан бери Украинага чет элдик кемелер биринчи жолу келди

Орусия Украинага кол салгандан бери чет элдик кемелер дан азыктарын жүктөп кетүү үчүн украин портторуна биринчи жолу келди. Бул тууралуу Украинанын Деңиз-аскердик күчтөрү Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

Кемелер Кара деңиз аркылуу Дунай дарыясына кирип, ошол жердеги порттордон жүк жүктөшөт. Бардык жүк ташуучу кемелерди аскердик кемелер коштоп жүрөт.

Киевдин маалыматына караганда, чет элдик кемелерди киргизүү Змеиный аралын Украина өз көзөмөлүнө алганы үчүн ишке ашып жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG