Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:48
Украина.  Дрон соккусунун кесепеттеринин бири
Украина. Дрон соккусунун кесепеттеринин бири

Украина менен Орусия бири-бирине сокку урду. Төртөө каза тапты, 20дай киши жарадар

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:38 23.7.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

12:33 24.7.2022

Украина Орусияны Кара деңиздеги порттордон дан экспорттоо тууралуу Стамбул макулдашуусун үзгүлтүккө учуратууга аракеттенди деп айыптады.

Киевдин мындай билдирүүсү Одессадагы портко ракета тийгенден кийин жасалды.

13:02 24.7.2022

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинанын Одесса портуна орусиялык күчтөрдүн сокку урушун айыптады.

Муну менен Москва Стамбулда кол коюлган дан экспорттоого тоскоолдук кылбоо тууралуу макулдашууну бузганын айтты.

Блинкендин билдирүүсүндө, дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин тереңдешине Орусия жооптуу. Ал Кремлди өз агрессиясын тез арада токтотууга, буга чейин макул болгон келишимдин шарттарын аткарууга чакырды.

Москва менен Киевдин расмий өкүлдөрү Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Украинада бир нече айдан бери токтоп турган буудай экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда кол койгон.

Андан бир күн өтө электе Орусия Одессадагы портко ракетадан сокку урган.

16:03 24.7.2022

Украина: согуш башталгандан бери 129 маданий мурас жок кылынды

Орусия Украинага кол салгандан бери туура беш ай болду. Украинанын Маданият жана маалыматтык саясат министрлиги ал аралыкта өлкөдөгү 129 маданий объект толугу менен жок кылынганын билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча согуш башталгандан бери Орусия Украинанын 15 аймагындагы маданий мурастарын жок кылууга багытталган 434 кылмыштуу иш-аракет жасаган. Алардын көбү Харьков облусунда болгон. Украинанын маданият министринин орун басары Екатерина Чуева эпизоддордун баары кылмыш иштеринин алкагында катталып, далил катары колдонуларын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG