Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Украина: орус күчтөрүнүн көбү Чернобылдан чыгып кетти


Чернобыл АЭСи.
Чернобыл АЭСи.

Украинанын Чернобыл атомдук станциясын ээлеп турган орус күчтөрүнүн көбү Беларус чек арасын көздөй чыгып кетти. Бул тууралуу Украинанын мамлекеттик "Энергоатом" компаниясы 31-мартта билдирди.

Компаниянын маалыматында Чернобылда аз сандагы орус аскерлери калганы айтылганы менен алардын так эсеби көрсөтүлгөн эмес.

Орусиянын күчтөрү Чернобыл АЭСине 24-февралда көзөмөлүн орноткон. Буга карабастан атомдук станциядагы кырдаалды украин адистери тескеп келген.

Бир күн мурда Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук орусиялык аскерлерин Чернобылдан чыгып кетүүгө чакырып, аймакта Бириккен Улуттар Уюмунун атайын миссиясын ишке киргизүү зарылдыгын айткан.

Бул аптада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси Киевге барып, Украинанын атомдук станцияларынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча украин өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыл станциясында дүйнөнүн атом энергетика тарыхындагы эң ири кырсык болгон. Радиоактивдүү түтүн Беларусту да каптап, андан ары кара туман Орусиянын айрым жерлерине жана Европанын көп бөлүгүнө тараган. Чернобылдын акыркы реактору 2000-жылдары ишин токтоткон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG