Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Казакстандын айрым облустарын суу каптады


Актөбө облусундагы Канагат айылы. Казакстан. 3-апрель, 2022-жыл
Актөбө облусундагы Канагат айылы. Казакстан. 3-апрель, 2022-жыл

Казакстанда марттын аягынан бери 185 турак жайды жана 78 дачаны суу каптады. Эки социалдык жай, анын ичинде бир мектеп жарым-жартылай суу астында калды. Бул тууралуу 6-апрелде чукул кырдаалдар министри Юрий Ильин билдирди.

Анын айтымында, эң оор абал Батыш Казакстан жана Актөбө облустарында түзүлдү. Министр сууну сордуруп алуу иштери жүрүп жатканын, көлмөлөр көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Дагы 285 айыл-кыштакта суу каптоо коркунучу сакталууда.

Марттын аягында кар тез эрип, дарыялар жээктен ашканда Батыш Казакстан облусунда бери дегенде 600 кишиге үйлөрүнөн көчүүгө туура келген, 100 баш мал кырылган.

Актөбөдө кээ бир айылдар облус борборунан кесилип калган. Караганды облусунда апрелдин башында тогуз жаштагы бала сууга чөгүп каза тапты. Шаршембиге караган түнү Рабочий деген кыштактан тургундар эвакуацияланып, эртеси кайра кайта баштады.

XS
SM
MD
LG