Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Ирандын президенти Израилге эскертүү берди


Ирандын президенти Ибрахим Раиси.
Ирандын президенти Ибрахим Раиси.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн 18-апрелдеги жылдык парадында Израилге эскертүү берди. Ал эгер Израил Иранга каршы кандайдыр бир аракетке өтө турган болсо, Ислам жумуриятынын күчтөрү бул өлкөнү бутага аларын эскертти.

Бирок ашынган консерватор катары таанымал президент Иран кандай чараларды көрөрүн так айткан жок. Болгону расмий Тегеран Израилдин иш-аракетине "жакындан" көз салып жатканын белгиледи.

Иран 1979-жылдагы ислам революциясынан бери Израилдин көз карандысыздыгын тааныбайт жана Израилге каршы чыккан ХАМАС жана "Хезболла" сыяктуу сыяктуу жоочулар тобун колдойт. Тегеран Ирандын өзөктүк мекемелериндеги саботаж үчүн жана өзөктүк тармакта иштеген илимпоздордун өлүмү үчүн Израилди айыптап келет.

Израил Тегерандын өзөктүк программасын чектөөнү көздөгөн эл аралык келишимге каршы чыккан. Израилдин бийлиги эч кандай келишимге баш ийбей турганын, Ирандын өзөктүк жайларына каршы бир тараптуу аракетке өтүшү мүмкүндүгүн эскертип келет.

Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы 2015-жылы кол коюлган өзөктүк келишимди кайра жандандырууга аракет кылып жатышат. Бирок соңку бир канча жумадан бери Венадагы сүйлөшүүлөр токтоп турат.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамптын администрациясы келишимден чыгып кетип, Иранга каршы санкцияларды жанданткан. Буга жооп катары Иран өзөктүк программасын кыйла кеңейткен.

XS
SM
MD
LG