Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Ажылык сапарга барчуларды каттоо жараяны жыйынтыкталат


Муфтият.
Муфтият.

Бүгүн 11-майда Кыргызстанда ажылык сапарга барчуларды каттоо жараяны жыйынтыкталат. Каттоо 6-майда башталган. Муфтият бул жолу мурда ажылыктын базасына кирбеген 65 жаштан төмөнкү курактагылар каттала аларын маалымдаган. Быйыл ажылык сапардын акысы 4500 доллар деп аныкталган.

2019-2020-жылдары ажылыктын электрондук базасына аймактарда катталып, кезек күтүп турган 65 жаштан төмөн ар бир талапкер ажылык сапарына болгон төлөмүн 30-апрелге чейин ар кандай себептер менен төгүп жетише албай калгандарга төлөө мөөнөтү 11-майга чейин узартылган.

Муфтият жогоруда айтылган сумманы төлөгөндөрдүн саны ажыларга берилген квотадан ашса кезекке калтырыла турганын эскерткен.

Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтоткондон бери кыргызстандыктар ага бара элек болчу. Ал жылы Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн, сапардын баасы 3350 доллар болчу. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG