Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Үй-бүлөлүк дарыгерлер күнүнө арналган конференция болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 19-майда Үй-бүлөлүк дарыгерлердин дүйнөлүк күнүнө карата Бишкекте республикалык конференция өтөт. Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы, Үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдар топторунун ассоциациясы биргелешип уюштуруп жаткан конференциянын максаты – саламаттык сактоо системасынын бул тармагындагы негизги маселелерди жана жетишкендиктерди талкуулоо экени айтылды.

Конференциядан тышкары медициналык окуу жайлардын студенттери менен ординаторлорунун акыл таймашы, түрдүү сынактар, спорттук жөө жарыш уюштурулат.

Кыргызстанда калкка баштапкы медициналык-санитардык жардамды 60тан ашуун үй-бүлөлүк медицина борбору, 30 чамалуу жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору көрсөтөт. Аларга 700дөй үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 1 миңден ашуун фельдшердик-акушердик пункт карайт. (RK)

XS
SM
MD
LG