Бүгүн 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргызстанда бир катар иш-чаралар өтөт. Алардын бири Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында уюштуруларын “Балдарды коргоочулар лигасынан” кабарлашты.
Kids IT Day форумуна майыптыгы бар балдар жана муктаж үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан 12-17 жаштагы балдар, кыздар катыша алат.
Алар үчүн инновациялык жана маалыматтык технологияларга кызыгуусун арттыра турган оюндар, сынактар, мастер-класстар уюштурулат. Белгилүү адистер жана блогерлер балдарга өз тажрыйбасы, ийгиликке жеткирген жолу тууралуу айтып беришет. (RK)
Facebook шеринеси