Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Министр: Соңку окуялар балдардын армияга даяр эместигинин көрүнүшү


Коргоо министри Бактыбек Бекболотов.
Коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

18-августтун кечинде Бишкектеги Аскер институтунун бир жоокери октон каза тапты. Бул соңку айлардагы армияда ар кыл жагдайда каза болгон төртүнчү жоокер болуп калды. Бир күн мурун Оштогу аскер бөлүктөрдүн биринде дагы бир аскер белгисиз жагдайда көз жумган эле.

Мындай кырдаал коомчулукта тынчсыздануу жаратып, ар кыл суроолорду пайда кылууда. Армиядагы соңку аскердин өлүмү жана жалпы кырдаал жөнүндө «Азаттык» Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен учкай маектешти.

- Бактыбек мырза, өткөн түнү Бишкектеги Аскер институтунда аскер октон каза тапканы белгилүү болду. Бул окуя кандайча орун алды, аскердин өлүмүнүн чоо-жайы боюнча эмнелерди айта аласыз?

- Аскер институтундагы соңку окуя боюнча иш козголуп, Аскер прокуратурасы толугу менен иш алып барып жатат. Тилекке каршы, ошондой факты орун алды. Биз тиешелүү териштирүү жыйынтыкталган соң толук комментарий беребиз. Азыр окуянын бардык жагдайлары текшерилип, иликтөө жүрмөйүнчө расмий комментарий бере албайм.

- Бирок армиядагы ар кыл жагдайларга каза болгон аскерлердин окуясы өлкөдөгү эң курч маселелердин бирине айланды. Бул соңку айларда эле аскерде өмүр менен кош айтышкан төртүнчү жоокер болду. Мындай кырдаалда жалпы коомчулукту кабатыр кылып жатат. Бул кырдаалга эмне себеп болуп жатат, мындай окуялар эмнеден улам улам-улам кайталанып жатат?

- Куралдуу күчтөрдөгү болгон окуяларды Коргоо министрлигинин дарегине кошо берүү туура эмес. Тилекке каршы, бул тармактагы ар кыл түзүмдөрдө ушундай терс окуялар болуп кетип жатат. Бул деген азыркы күндөгү жаш балдардын даяр эместигинин көрүнүшү болуп жатат. Буга чейин Кой-Таштагы болгон окуяда жоокерибиз сүйлөшкөн кызы менен келишпегени себеп болгон деген версия каралып жатат. Бирок прокуратура бардык иликтөө иштерин бүткөрүп, аяктамайынча бул версияны да толугу менен айта албайбыз. Бул окуялар боюнча иш козголду. Тилекке каршы, Коргоо министрлигине караштуу бөлүктөрдө ушундай эки окуя болуп кетти.

- Бирок коомчулукта армиядагы тартиптин жоктугу, уставдык эмес мамилелер тууралуу маселе курч көтөрүлүүдө. Кайгылуу окуяларга чынында эле армиядагы ушундай тартипсиздик себеп болгон жокпу? Иликтөө жүрөт деген менен окуялар улам-улам кайталанып жатат. Мындан тиешелүү чечимдер кабыл алынабы?

- Албетте, комплекстүү иштерди жүргүзөлү деп жатабыз. Алгач жоокерлерди аскерге чакыруунун алдындагы иштерди карап чыгып жатабыз. Ар бир үй-бүлөдө социалдык жана башка маселелер бар, ошонун баары келип туруп эле дал ушундай окуяларга себеп болууда. Бизге келген аскерлер элибизден чыккан эле жарандар. Коомчулуктагы көйгөйлөрдүн жыйындысы. Аскерге келип, кайсы бир чекке түшкөн соң ар бир эле жоокер ага чыдай албай калып жатат. Ушул жагынан биз мектептердеги аскерге чейин даярдык системасын карап чыгып, күчөтөлү деп жатабыз. 9-10-11-класстын балдары даяр болгондой система түзүш керек болуп жатат. Тилекке каршы, терс фактылар бар экенин көрүп жатабыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG