Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

Касымалиев быйыл ИДӨ дээрлик 8% өскөнүн билдирди


Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын колдоосунда уюштурулган "Калыбына келтирүү, өсүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай жол" деп аталган Бишкек экономикалык форумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Касымалиев форум ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө жана туруктуулукту жогорулатууга багытталган маселелерди талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтча болуп каларын билдирди.

"Быйылкы жылдын сегиз айын ички дүң өнүмдүн (ИДП) дээрлик 8% өсүү темпи менен жыйынтыктадык, бул - Улуттук банк менен ырааттуу иш алып баруубуздун жана өз убагында кабыл алынган чечимдердин натыйжасы", - деген Касымалиев Дүйнөлүк банк жана башка эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну арттыруу зарылдыгын кошумчалады.

"Биз кызматташуубуздун деңгээлин жана интенсивдүүлүгүн ыкчам жогорулатууга тийишпиз. Өткөн жылдары Кыргызстандын экономикасынын потенциалы жана мамлекеттик башкаруу системасын кабылдоонун төмөнкү деңгээли дайыма көйгөй жаратып келген. Бирок азыр кырдаал өзгөрдү, биз өнүгүүгө багыт алдык".

Экономикалык форумда эки долбоор - "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Долбоорлор Дүйнөлүк банк сыяктуу өнөктөштөрдүн активдүү катышуусунда ишке ашырылышы керектиги белгиленди.

Буга чейин Министрлер кабинети быйыл ИДӨ 6,5% өсө турганын жарыялаган. Бирок Украинадагы согуштун кесепетинен Кыргызстанда экономика төмөндөйт деген божомолдор айтылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG