Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси соңку камоолор тууралуу комментарий берди


Камалгандарды бошотууга чакырган акциянын катышуучулар. Бишкек, 24-октябрь.
Камалгандарды бошотууга чакырган акциянын катышуучулар. Бишкек, 24-октябрь.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсесинин басма сөз өкүлү Элизабет Тросселл Кыргызстандагы соңку кармоолор менен камоолорго байланыштуу комментарий берди.

26-октябрда Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаттын сайтында жарык көргөн билдирүүдө Тросселл кармалган 20дан ашык саясатчы менен активистке кыргыз бийлиги эл аралык укуктун негизинде адилет соттук териштирүү кепилдигин берүүгө тийиш деп белгиледи.

БУУнун өкүлү ошондой эле ал адамдар айыбы далилденмейинче күнөөсүз деп эсептелерин, адам укуктарынын эл аралык нормаларына жана стандарттарына ылайык, өзгөчө жагдайда, өтө зарыл болгондо гана сотко чейин камакка алууга болоорун бийликтин эсине салды.

Тросселл кыргыз бийлигин саясатты иштеп чыгууда кызыкдар тараптар менен маалымат бөлүшүүгө, алардын ошол жараянга катышуусун камсыздоого үндөдү.

“Элдин өз оюн эркин билдирүү жана маалымат алуу укуктары, коомдук талкууга катышуу укугу корголууга тийиш. Кемпир-Абад суу сактагычына келсек, жергиликтүү тургундар менен натыйжалуу кеңешүү жүргүүзүү зарыл”, - деп айтылат БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсесинин комментарийинде.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-октябрда кармалып, калайман башаламандык уюштурууга даярданган деген шек менен эки айга камакка алынган.

Жарандык коом 24-октябрда аларды бошотууга чакырган акция өткөргөн. Ушул күнү Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон митинг уюштурулган.

Human Right Watch эл аралык укук коргоо уюму жапырт кармалгандарды бошотууга үндөп кыргыз бийлигине кайрылган.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине чекитти сот кое турганын айткан.

XS
SM
MD
LG