Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:51

Аба ырайы: Кар жаайт


Айрым аймактарда кар жаайт.
Айрым аймактарда кар жаайт.

28-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…- 8, күндүз 3…8;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3 градуска чейин жогору.

Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан, кар, жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5° суук, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° жылуу болушу күтүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG