Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Укук коргоочулар камактагы аялдардын абалын изилдеди


Аялдардын колониясы.
Аялдардын колониясы.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор абактагы аялдардын шартын изилдеген докладын 29-ноябрда жарыялады. Анда өлкөдөгү жабык жайлардын абалы минималдуу стандарттарга жооп бербейт, андагы шарттар кыйноого барабар деген тыянак чыгарылган.

"Эл аралык Бангок эрежесине ылайык, аялдар үйүнөн алыс эмес, социалдык реабилитация болууга ыңгайлуу жайда кармалышы керек деген талап аткарылбай жатат. Камактагы аялдардын 18% тергөө абагында бир жылдан ашык, 38% үч айдан бир жылга чейин кармалууда. Изилдөөгө катышкан аялдардын 43% тергөө абагындагы учурда жакындары менен байланышуу оор болуп жатканын айтышкан. Тергөө абагында үч жашка чейинки балдар менен болууга тийиштүү шарттар түзүлгөн эмес. Изолятордо төрөлгөн балдардын бирөөнө да жалаяк, ымыркайга керектүү буюмдар берилбейт", - деп белгиленген докладда.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын карамагындагы төрт тергөө изолятору, жана бир аялдардын колониясы бар. Өлкөдө жалпы 8436 адам камакта, алардын 245и аялдар, 8191и эркектер. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG