Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

IPHR уюму активисттердин абакта калганына тынчсыздануу билдирди


Жапырт кармалган саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин айрымдары. (коллаж)
Жапырт кармалган саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин айрымдары. (коллаж)

Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан International Partnership for Human Rights (IPHR) – “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүгү” уюму Кемпир-Абад иши боюнча жапырт кармалган саясатчы, активисттерди "жүйөлүү негизи жок абакта калтырган сот чечимине" тынчсыздануусун билдирди.

29-декабрда уюмдун сайтында жарыяланган билдирүүдө соттун мындай чечимдери Кыргызстан кол койгон адам укуктары менен эркиндиги, кол тийбестикке болгон укугу, сөз, биригүү жана эркин чогулуу, пикирин эркин билдирүү укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин бузуп жатканы белгиленген.

Сот чечимдеринде, эки жумалык ачкачылык акциясынан кийин абалы оорлогондор, өзгөчө аялдарга, жашы улууларга адамгерчиликсиз мамиле болгону сынга алынган.

Бишкек шаардык соту соңку үч күндө Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттардын апелляциялык арызын карап, бардыгын абакта калтырган. Буга чейин Биринчи Май райондук соту ушул иш боюнча кармалган 25 кишини 20-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Бөгөт чарасы каралып жаткан учурда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова өзүн жаман сезип кулап түшкөн. Аны "Тез жардам" алып кеткен.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алардын экөө Талант Эшалиев жана Нурланбек Асанбеков үй камагына чыгарылган. Калгандардын арасынан 17 адам нааразылык иретинде 13-декабрдан ачкачылык кармаган. Бүгүнкү күнгө карата 16сы ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткону маалымдалды.

Ички иштер министрлиги алар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция аларды кармоого далил жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат.

Human Rights Watch, International Partnership for Human Rights (IPHR) баштаган бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандагы саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин жапырт кармалышын кескин айыптаган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG