Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Аба ырайы: Чүй, Талас, Баткен жана Жалал-Абадда күндүз кар жаайт


Кыргызстандагы айылдардын бири.
Кыргызстандагы айылдардын бири.

Кыргызстанда 6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +4…+9;

Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз +3…+8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-18, күндүз -3…-8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -10...-15.

​Бишкекте кар жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +5…+7 градус болот.

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 5-январда жааган кардан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу кан жолунун 55-107 чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 68-101 чакырымында (Чапчыма ашуусу)жана Красная-Горка-Акташ жолунун 1-4 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Машинелердин ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG