Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

Секелекти зордуктоого айыпталган эки милиционердин жаза мөөнөтү кыскарды


Секелек кыздардын укугун коргоого арналган акция. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.
Секелек кыздардын укугун коргоого арналган акция. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.

13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыскарганы маалым болду.

Бул тууралуу "Азаттыкка" жабыркаган кыздын укугун коргогон адвокат Тимур Султанов кабарлады.

"Биз бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылабыз", - деди адвокат.

Жабыркаган кыздын атасы соттун акыркы чечимине байланыштуу президент Садыр Жапаровго да кайрылышарын билдирди.

12-январда Бишкек шаардык соту 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган үч адамдын ишин апелляциялык тартипте карап, өкүм чыгарган.

Ага ылайык, Свердлов райондук сотунун 30-августтагы чечими менен 15 жылдан кесилишкен эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыскарып, 10 жылга соттолгон үчүнчү адамдын жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калды.

Бишкек шаардык сотунун кеңсеси 12-январда бул иш боюнча соттук отурум болуп, өкүм чыкканын ырастап, толугураак маалымат кийинчерээк болорун "Азаттыкка" билдирди.

Бишкек шаарды сотуна апелляциялык арызды Свердлов райондук сотунун чечимине нааразы болгон айыпталуучулар жазган.

13 жашар наристени зордуктоого байланыштуу кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт киши - эки милиция кызматкери жана эки жаран соттолгон. Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга абакка кескен. Дагы бир адамдын иши өзүнчө каралып, Биринчи май райондук соту тарабынан тогуз жылга кесилген.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Ушундан кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган.


8-июлда ушул иш боюнча териштирүү жүрүп жаткан мезгилде Свердлов райондук сотунун алдында кыздардын укугун коргоого акциясы өткөн. Ага эки жүзгө жакын активисттер, укук коргоочулар катышкан.

19-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкекте маалымат жыйын куруп, секелектин зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилгенин жарыялаган.

Ички иштер министрлиги 2022-жылы жети айда сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Балдарды зордуктоо фактысынан улам 39 иши тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG