Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Орунбеков мамкызматкерлерге сый акынын кечигишин дрон сатып алынганы менен түшүндүрдү


"Байрактар" дрону.
"Байрактар" дрону.

Кыргызстан абадан коргонуучу “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” аскердик техникаларын сатып алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков 17-январда Фейсбукка жазгандай, техникалардын алды өлкөгө алып келинди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлерге берилчү сый акылар өткөн жылдын аягында убактылуу токтотулуп, ал каражат коопсуздукту бекемдөө үчүн техника сатып алууга жумшалган.

"Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү чыңдоого, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Мамлекеттик кызматкерлерге берилген премия мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатат. Буга чейин болуп көрбөгөн абадан коргонуучу “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” өңдүү заманбап аскерий техникалар сатылып алынып, алды Кыргызстанга келди. Премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту деп айтсак болот", - деп жазды Орунбеков.

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жыл сайын берилчү он үчүнчү эмгек акы жоюлбаганын, жыл аягында аны менен кошо сый акылар дагы берилерин кошумчалады.

Кыргыз бийлиги коргоо, коргонуу жана коопсуздук тармагына көп көңүл бурула баштаганын билдирип келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-декабрдагы жыйында коопсуздук тармагына 2021-жылы 31,2 миллиард, быйыл 52,2 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан.

Былтыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Түркиянын "Байрактар" учкучсуз аппараттарынын "Акынжы", андан кийин "Аксунгур" дрондорунун жанында түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Бирок атайын кызмат ал техникалардын алынышы тууралуу маалымат берген эмес.

Сентябрь айында УКМКга караштуу Чек ара кызматынын учкучсуз аппараттар базасы ачылган. Былтыр декабрда Чек ара кызматына Түркияда өндүрүлгөн "Байрактар" дрону тапшырылган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG