Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Башкы прокуратура УКМКнын Оштогу тергөөчүсү кармалганын ырастады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын имараты. 20-январь, 2022-жыл.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын имараты. 20-январь, 2022-жыл.

20-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгында Т.Ы. аттуу тергөөчү 15 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалганын Башкы прокуратура билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратып, окуянын чоо-жайын түшүндүрдү.

Маалыматта белгиленгендей, 19-январда Башкы прокуратурага О.А. ысымдуу жаран аталган тергөөчүгө жана атайын кызматтын башка кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган. Даттануучу тергөөчүлөр анын кылмыш ишин кыскартуу үчүн 20 миң доллар пара талап кылып жатканына жазган.

Факт боюнча Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-пункту “Опузалап ири өлчөмдө пара алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Учурда иликтөө иштери уланууда. Кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо амалдары жүргүзүлүп жатат.

Башкы көзөмөл мекемеси бул кармоо Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана ИИМдин жетекчилеринин макулдашуусунун алкагында жүргүзүлгөнүн билдирет.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 20-январдагы операция учурунда мушташ болгон-болбогонун тактаган жок. ИИМ менен УКМК бул тууралуу маалымат тарата элек.

Мунун алдында “Азаттыктын” жеке булактары УКМКнын Оштогу башкармалыгынын кызматкери ири өлчөмдө пара алууга шек саналып кармалганын айткан. Айрым маалымат каражаттары ИИМдин атайын даярдыктагы отрядынын 20дай кызматкери УКМКнын Оштогу башкармалыгына кирип барып, бирөөлөрдү кармап жатканын жазышкан. Атайын кызматтын имаратынын алдында эки органдын кызматкерлери мушташа кеткенин да жазышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG