26-январда Украинанын аймактарына жасалган орус армиясынын ракеталык чабуулдарынан бери дегенде бир киши набыт болуп, эки адам жараат алды. Бейшембиге караган түнү орус күчтөрү дрондор менен чабуул жасаса, өлкө чыгышында айыгышкан кармаштар уланууда.
Орусиянын жаңы чабуулдары Украинанын президенти Владимир Зеленский Германия менен АКШ Киевге согуштук танктарды, Батыштагы өнөктөштөр алыска уча турган ракеталарды жана аскердик учактарды бере турганын айткандан кийин башталды.
Киевдин мэри Виталий Кличко баш калаага жасалган чабуулдан кеминде бир киши набыт болуп, эки адам жараат алганын билдирип, шаар калкына тышка чыкпай турууну эскертти.
Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү баш калаанын үстүнөн ондон ашуун ракета атып түшүргөнүн билдирди.
"Душман Киевди көздөй 15 канаттуу ракета учурду. Абадан коргонуу күчтөрүнүн мыкты аракетинен улам алардын бардыгы максатына жетпей атып түшүрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
Украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Телеграм каналына "орустардын алгачкы ракеталары атып түшүрүлдү" деп жазып, кайсы жерде экенин белгилеген жок.
Одессанын жергиликтүү бийлиги шаардын түштүк районунда эки энергетикалык объектини ракета иштен чыгарганын билдирди.
"Жабыркагандар жок. Одесса облусун абадан коргонуу күчтөрү коргоп жатат", - деп жазды облустун аскердик администрациясынын башчысы Юрий Крук.
Винницанын борбордук району да ракеталык чабуулга кабылганын облустун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Борзов билдирип, эч ким жабыркабаганын айтты.
Буга чейин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус күчтөрүнүн түнкү чабуулунда 24 пилотсуз аппарат жок кылынганын, анын 15и баш калаа Киевдин үстүнөн атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Президент Зеленский шаршембидеги кечки кайрылуусунда "Украинага учактарды жеткирүүнү баштоо" зарылдыгын айткан.
Медиа каражаттары орус армиясы Каспий деңизинен канаттуу ракеталарды атканын жазышты. Бирок азырынча бул маалыматтын чын-төгүнү аныктала элек.
Орусиянын Коргоо министрлиги жаңы чабуулдары тууралуу комментарий берген жок.
Соңку жолу орус армиясы Украинанын аймагын 14-январда ракетадан аткылаган. Днепр шаарындагы көп кабаттуу үйгө тийген соккудан бери дегенде 40 кишинин өмүрү кыйылган. Москва "Украинанын аскердик башкаруу системасына сокку урулганын" билдирип, эл жашаган конушка ракета тийгенин танган.