Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Улуттук банк интервенциялардан 9 миллиард сом киреше тапты


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Алдын ала эсеп менен Улуттук банк 2022-жылы жасаган интервенциялардан 9 миллиард сом киреше тапты. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

Ал банк интервенцияны пайда табуу үчүн эмес валюта рыногундагы абалды жөнгө салуу үчүн жасай турганын, түшкөн кирешенин так суммасы тышкы аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү болорун билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн негизги банкы былтыр валюта рыногуна 486 млн. доллар сатып, 190 млн. доллар сатып алган. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Ушул тапта Кыргызстандын банк тутумунда 600 млн. доллар бар. Анын 40% накталай.

Жыйында Улуттук банк эсептик ченди 13% менен сактап калганы айтылды. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык инфляция 14,7% болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG