Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Орусиянын күчтөрү Украинанын Харьков шаарын аткылады


Харьковдогу чабуул, 5-февраль, 2023-жыл.
Харьковдогу чабуул, 5-февраль, 2023-жыл.

Жекшемби күнү эртең менен Орусиянын күчтөрү Украинанын Харьков шаарын аткылады. Андан беш киши жарадар болгонун Харьков облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында, ракетелардын бири шаардын борборундагы жайкын тургундар жашаган турак жайга тийген. Дагы бир ракета шаардагы университеттин имаратына олуттуу зыян алып келди.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов Орусия шаарды С-300 ракеталары менен аткылаганын алдын ала маалыматтарга таянуу менен билдирди. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги маалымат бере элек.

Учурда Харьковдогу чабуулдан жабыркагандардын санын тактоо иши жүрүп жатат.

3-февралда орус күчтөрү Харьков облусундагы Барвенково шаарчасын аткылап, андан эки жайкын тургун мерт болгону кабарланган.

Орусиянын күчтөрү Украинага былтыр 24-февралда басып кирген. Дээрлик бир жыл ичинде орус күчтөрүнүн чабуулдарынан жана аткылоолорунан миңдеген украин жарандары мерт болду.

Орусиянын согуштагы жоготуулары 131 290 адамды түзгөнүн Украинанын Куралдуу күчтөрү 5-февралда билдирди. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу былтыр сентябрда жоготуулар тууралуу маалымат берип, 5937 аскери каза болгонун маалымдаган.

Ушул тапта орус күчтөрү менен украин армиясынын негизги кармашы Донбасс аймагында жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG