Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

Молдовада өкмөт кызматтан кетти


Молдованын премьер-министри Наталья Гаврилица НАТОнун баш кеңсесинде.
Молдованын премьер-министри Наталья Гаврилица НАТОнун баш кеңсесинде.

10-февралда Молдованын премьер-министр Наталья Гаврилица өзү бир жарым жыл жетектеген өкмөт кызматтан кетерин жарыялады. Ал өлкөнүн алдында жаңы артыкчылык – коргонуу турганын белгиледи.

Президент Майя Санду премьердин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алганын Фейсбукка жазды.

«Мурда-кийин болуп көрбөгөн чакырыктарга карабай, өлкөнү жоопкерчилик, чын ыкластан жана берилгендик менен башкарды. Бизде туруктуулук, тынчтык жана өнүгүү бар. Башкалар бул жерде согушту жана кыйроону көргүсү келген» - деп жазды.

Санду парламенттеги фракциялар менен кеңешип туруп, жаңы премье-министрин ордуна талапкер көрсөтөрүн айтты.

Гаврилица дагы президенттин батышчыл «Аракет жана тилектештик» партиясынын мүчөсү. Бул партия парламентте көпчүлүктү түзөт.

Гаврилица өз сөзүндө өкмөт өткөн бир жарым жылда такай кризистин алдында иштегенин, ага карабай Молдова Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын алганын белгиледи.

Өкмөттүн кеткенинин себептеринин бири – башкаруучу коалициядагы ар кандай фракциялардын кармашы болушу мүмкүн. Ошондой эле өлкөдө кырдаал туруксуздашы мүмкүн деген да кооптонуу күч. Буга чейин Украинанын президенти Валдаимир Зеленский Орусия Молдовага да коркунуч туудуруп жатканын айткан. Өлкөнүн атайын кызматтары украин кесиптештеринин маалыматын текшерип жатканын бышыктаган.

Соңку айларда Молдовада бийликтин саясатына каршы массалык наразылык акциялар өттү. Президент Санду санаалаштары менен орусиячыл күчтөрдү элди дүрбөлөңгө салып жатканы үчүн айыптаган.

Европадагы экономикасы эң чабал өлкөдө орус газынын баасы кескин кымбаттап, Орусиянын Украинага басып киргенинин запкысы тийип жатат.

Москва Украинага жан тартканы үчүн Кишиневду бир нече жолу сындаган.

XS
SM
MD
LG