Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:19

Орусия куруп берүүнү убада кылган мектептер маселеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Кыргызстанга куруп берүүгө убада кылган мектептер боюнча маселе бүгүн 20-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлдү.

Ушундай эле долбоор коңшу Тажикстанда ийгиликтүү ишке ашканын айткан депутат Адахан Мадумаров Кыргызстан боюнча кандай иш жүрүп жатканын сурады.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш 1,5 жылдан бери жүрүп жатканын, 9 мектеп боюнча сүйлөшүү бар экенин айтты:

“Биз “Газпром” кургандай мектеп салып беришсе дегенбиз. Алар андай жеке ишкана салгандай мектеп курууга акчасы жок экенин, бирок Тажикстандагыдай мектеп куруп берүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышкан. Мектептердин долбоорун, жердин бөлүнүшүн баарын бергенбиз. Орус тарап бекитип, бизге бергенден кийин быйыл жыл аягында ишке ашып калышы мүмкүн”.

Депутат Мадумаров орус тарап “кыргыз тарап качан кыймылдайт?” деген суроо коюп жатканын, алар даяр экенин белгиледи.

Бишкекте Орусия салып берген "Газпром" мектеби бар. Аны Министрлер кабинети өкмөт аралык макулдашуунун негизинде "Газпром-Кыргызстан" компаниясына 20 жылдык мөөнөткө бекер пайдаланууга берген.

Кыргызстандын Билим берүү министрлиги Орусия Бишкек менен Ошто жана жети облуста бирден мектеп курууну пландап жатканын, ар бири 1200 окуучуга ылайык салынарын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG