Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратып, 20-февралдан 22-февралга чейинки жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош, Суусамыр-Талас-Тараз, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Ош-Сары-Таш-Эркештам жана Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү ыктымалдыгын эскертти. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
21-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлуп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10,
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -22…-27, күндүз -1…-6 градус болот.
21-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2°, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° градусту түзөт. (ErN)