Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Тышкы иштер министри кыргыз-тажик мамилеси тууралуу маалымат берди


Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 20-февралдагы жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын азыркы дипломатиялык алакасы тууралуу депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Ал буга чейинки окуялардан соң байланыш таптакыр үзүлүп, Дүйшөмбү шаарындагы кыргыз дипломаттар эч жакка киргизилбей калганын белгилеп, учурда мамиле жакшырганын билдирди. Министрдин айтымында, Тажикстандагы элчилик кадимки режимде иштеп жатат.

Депутат Миргүл Темирбаева “Эки өлкөнүн ортосунда ушундай жаңжал чыгып кеткенине дипломаттардын жана сиздин, министр катары жоопкерчилигиңиз барбы? Бул сиздердин чабалдыгыңыздардан болгон жокпу?” деген суроо койду. Министр ал башкарган мекеме кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык аракетти көргөнүн айтты.

“Былтыр июлда Тажикстандын башчысы Кыргызстан келип кеткенин билесиздер. Биз эң жогорку деңгээлде сүйлөшкөнбүз. Кандай иш алып барарыбызды, карама-каршылыкты токтотууну, бардыгын кол алышып, сүйлөшкөнбүз да. Жеке эле министрдин деңгээлинде эмес, эң жогорку деңгээлде. Анан кайра сентябрда кырдаал өзгөрүп кетти. Дипломатия, кол алышуу менен эле баары чечилип калса, анда дүйнө жыргал заманда жашап калбайт беле?! Менин оюмча мунун баары ошол мамлекеттин ички саясатынан чыккан иштер”, – деди Кулубаев.

Парламенттин тармактык комитетинин бул жыйынында министр Кыргызстандын “Тышкы саясатынын концепциясы” толук бойдон кайра каралып жатканын кошумчалады.

Кыргыз-тажик мамлекеттик тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү чек ара окуялары катталып келет. Соңку эки жылда куралдуу каргашаларда ондогон адамдын өмүрү кыйылып, үйлөр жана мекемелер талкаланды. Бул үчүн эки өлкө бирин-бири айыптаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG