Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:35

Жапониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида Киевге барды


Фумио Кисида Орусиянын Украинага басып киришинин бир жылдыгына арналган пресс-конференцияда. Токио, 24-февраль, 2023-жыл.
Фумио Кисида Орусиянын Украинага басып киришинин бир жылдыгына арналган пресс-конференцияда. Токио, 24-февраль, 2023-жыл.

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида алдын ала айтылбаган сапар менен 21-мартта Киевге барганын Kyodo маалымат агенттиги билдирди.

Кисиданы Украинанын президенти Владимир Зеленский "Чоң жетинин" онлайн саммитинде чакырган. Жапония учурда "Чоң жетиге" төрагалык кылууда.

Маалыматтарга караганда, Кисида менен Зеленский согушта жабыркаган Украинаны калыбына келтирүүдө Жапониянын колдоосун талкуулашат.

Мурдараак Жапониянын Тышкы иштер министрлиги өкмөт башчы Украинага тилектештик максатында Киевге баратканын билдирген. NHK телеканалы Кисида Польшага чектеш Пржемысль шаарында поездге отурганын көрсөттү.

Жапония май айында Хиросимада "Чоң жетинин" саммитин өткөрөт. Кисида бул саммит Украинадагы согушка жооп иретинде эл аралык тартипти жана мыйзам үстөмдүгүн сактоо боюнча күчтүү эркти көрсөтүшү керектигин билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Кисида бейшембиде Жапонияга кайтар алдында Польша бийлиги менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Февралдын аягында Токиодогу глобалдык форумда Кисида Жапония согуштан кыйраган инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн Украинага 5,5 миллиард долларлык жардам берерин жарыялаган.

Согуш башталгандан бери Токио Киевге 600 миллион долларлык каржылык жана ири гуманитардык жардам көрсөттү.

Жапония АКШ менен Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларына кошулган.

XS
SM
MD
LG