Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Германия менен Британиянын Leopard, Challenger танктары Украинага жетти


Германия Украинага 18 даана Leopard-2 танкын жеткиргенин жана дагы көбүрөөк техника берүүгө даярданып жатканын өлкө канцлери Олаф Шольц Нидерланддагы сапары учурунда билдирди.

Германиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, жайга чейин 25, жылдын аягына чейин 80дей, 2024-жылга чейин кеминде 100 танк жеткирүү пландалган.

Аталган министрлик Украинага танктар менен кошо 40 даана "Мардер" аскердик автоунаасы жеткирилгенин маалымдады.

Январдын аягында келишимге жетишилгенге чейин Батыш өлкөлөрү Украинага танктарды жеткирүү маселесин бир нече жума талкуулашкан.

Шольц белгилегендей, Германия Украинага Leopard-2 танктарын жөнөтсө, АКШ күздө "Абрамс" танктары менен камсыздайт.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников шейшембиде Украинага жаңы эле келген британиялык Challenger-2 танктарынын сүрөттөрүн жарыялады.

Резников Твиттерге танктардын биринде отурган видеосун чыгарып, Лондонго ыраазычылык билдирди. Британия Киевге контрчабуулдарга чейин 14 танк жиберүүнү убада кылган.

Украинанын кургактагы күчтөрүнүн командачысы жакын арада контрчабуул башталарын өткөн аптада билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG