Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

“Алга, Каракалпакстан” кыймылынын жетекчиси сыртынан соттолууда


Аман Сагидуллаев
Аман Сагидуллаев

Өзбекстандагы Каракалпакстан автоном республикасында "Алга, Каракалпакстан" кыймылынын лидери Аман Сагидуллаев менен Казакстандагы каракалпак диаспорасынын өкүлү Ниетбай Уразбаев сыртынан соттолууда.

Аларга былтыркы Нукустагы окуяларга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ишти каракалпак сотунун Кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы карап жатканын Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

55 жаштагы Сагидуллаев Норвегиядан башпаанек алган, 53 жаштагы Уразбаев Казакстанда жашайт. Аларга Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн бузуу, жапырт башаламандык уюштуруу өңдүү айыптар коюлган. Экөө тең сыртта болгондуктан, сот алардын катышуусуз өтүп жатат.

Каракалпакстан окуяларына байланыштуу быйыл 31-январда 22 кишиге, 17-мартта 39 кишиге сот чечими чыккан. Айрымдары шарттуу кесилсе, 46 адам түрдүү мөөнөткө камалган.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

АКШ, Евробиримдик, БУУ жана адам укугун коргогон эл аралык уюмдар Каракалпакстандагы окуяларды ачык иликтөөгө чакырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG