Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:39

Еврокеңештин баш катчысы туткундун ырайымсыз өлтүрүлүшүн айыптады


Мария Пейчинович Бурич
Мария Пейчинович Бурич

Еврокеңештин баш катчысы Мария Пейчинович Бурич украин аскери экени айтылган адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн катуу айыптады. Ал 12-апрелдеги билдирүүсүндө бул кадамга баргандар жазаланышы керектигин айтты.

Мурдараак БУУнун Украинадагы адам укуктарына көз салган миссиясы украиналык туткундун өлүмү жалгыз окуя болбошу мүмкүндүгүн билдирген.

11-апрелде бир катар Telegram каналдарда тараган видеодо орусиялык аскерлер экени айтылган кишилер украиналык деген жоокердин башын кесип жатканы көрсөтүлгөн. Алар кимдер, качан, кайда тартылганы белгисиз. Видеодогу жашыл чөптөрдөн улам окуя 2022-жылдын жайында болгону болжолдонууда. Видеонун аныктыгы тастыктала элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйнө бул тасманы көрүшү керектигин, күнөөлүүлөр мыйзамдуу жоопко тартылышы зарылдыгын айткан. Видеонун чоо-жайын иликтеп жаткан Украинанын Коопсуздук кызматы (СБУ) муну аскердик кылмыш деп атады.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “социалдык тармактарда аскер кызматкеринин башы кесилген кадрлар үрөй учурарын" айтып, анын чын-төгүнүн текшерүү керектигин билдирди.

  • Согуш туткундарына мамиле кылуу боюнча Женева конвенциясына бир катар мамлекеттер, анын ичинде Орусия да кол койгон. Документке ылайык, туткундарды кармоонун гумандуу шарттары кепилдениши керек. Согуш туткундарын жазалоо же катаал мамиле жасоо согуш кылмышы болуп саналат.

XS
SM
MD
LG