Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандар бүгүн 19-майдан тартып саясий ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу алардын өлкөнүн акыйкатчысына жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна жолдогон ачык кайрылуусунда айтылды.
Ачкачылыктын негизги себеби катары Кемпир-Абад боюнча абакта отургандарды улам бир бөлмөгө которуп жатышканы белгиленди, бул аларга карата басым деп бааланды жана андай мамилени токтотуу талабы коюлду.
Кайрылууда “Кемпирабадчылардын камакта мыйзамсыз олтурганына 7 айдын жүзү болду. 2022-жылдын декабрь айында бардык кемпирабадчыларды башка абак бөлмөлөрүнө которушкан. Эми 15-майда Равшан Жээнбековду, 17-майда Илгиз Шаменовду дагы башка абак бөлмөлөрүнө эч негизсиз которушту, ал эми Атай Бейшенбек уулун 18-майда үч күнгө айып бөлмөсүнө камашты. Биз бул аракеттерди оюбузду ачык билдиргенибиз үчүн бизге жүргүзүлгөн моралдык-психологиялык басым жана саясий куугунтуктун ыплас жолу деп эсептейбиз” деп айтылды.
Жаза аткаруу кызматы бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.
Активист Атай Бейшенбек айып изоляторуна киргизилгенин аталган мекеме 18-майда маалымдап, пландуу тинтүү иш-чаралары учурунда анын жанынан уюлдук телефон табылганы менен түшүндүргөн.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.
Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө. (RK)