Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:28

Равшан Жээнбековдун жубайы өзүнө тагылган айыптарды төгүндөдү


Салкынай Алимбаева
Салкынай Алимбаева

Абактагы оппозиционер саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы, камакка алынган Салкынай Алимбаева тергөө коюп жаткан айыптарга байланыштуу журналисттерге комментарий берип, күнөөсү жок экенин айтты. Кабарчылар ага бүгүн, 26-майда тергөөчүлөр аны соттук имараттан чыгарып бараткан учурда суроо узатышты.

Алимбаева басып баратып кызын өөп, суроого учкай гана жооп берүүгө үлгүргөн. Окуянын видеосун “Политклиника” сайты жарыялады.

Мунун алдында Салкынай Алимбаеванын адвокаты Разак Ашимбаев "Азаттыкка" комментарий берип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында аны менен жолугуп чыкканын айткан. Адвокаттын айтымында, Алимбаевага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышы боюнча айып тагылган. Ал окуя былтыр болгонун, тергөөчүлөр “коррупция” деген берене менен айып тагышканын, Алимбаеванын бул окуяга тиешеси жоктугун билдирген.

Саясатчынын жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган. УКМК анын ишине байланыштуу азырынча маалымат бере элек.

Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда “Жапырт башаламандык уюштуруу” беренесинин негизинде жыйырмадан ашуун саясатчы, жарандык активист менен чогуу камалган. Анын алдында Жээнбеков Өзгөндө өткөн курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөнүн жарыялаган.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, ал иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Саясатчы 28-майда өтө турган Бишкектеги Ленин округунан парламент депутатын шайлоого талапкер болуп катталган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG