Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:58

УКМК "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде кезек пайда болгонун билдирди


Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде унаалардын кезеги пайда болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы 1-июнда билдирди.

Мекеме чек арадагы өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатканын, кезектин пайда болушу азык-түлүктөрдү сыртка ташуунун көлөмү көбөйгөнүнө байланыштуу экенин билдирди.

“Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр байкалган жок”, - деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйында депутат Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны азайбай жатканын айтып, "Кичи-Капка" чек ара бекетин ачууну сунуштады.

Буга чейин чек ара бекетин ачууда Казакстан тараптын бардык инфраструктурасы даяр экени, Кыргызстанга бажы бекетин Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ылайык келтирүү талабы коюлганы кабарланган.

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги маал-маалы менен пайда болуп турат.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар.

 

XS
SM
MD
LG