Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Курман айт 28-июнга белгиленди

Бишкектеги Айт намазы. 9-июль, 2022-жыл.
Бишкектеги Айт намазы. 9-июль, 2022-жыл.

Быйылкы Курман айт 28-июнда белгиленерин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдады.

Курман айт Орозо айттан 70 күндөн кийин жана ажылык зыяраттын соңунда болот. Орозо айт 21-апрелде белгиленген.

Кыргызстандык зыяратчылардын быйылкы ажылык сапары 12-июнда башталган. Муфтият билдиргендей, быйылкы ажылык сапары үчүн Кыргызстандан он аба каттам аткарылат жана анын жетөөсү Ош шаарынан учат. Быйыл кыргызстандык ажыларды ташый турган болгон Jazeera авиакомпаниясынын акыркы каттамы 21-июнда учуп барат.

Муфтият быйылкы ажылык сапардын баасы кыргызстандык жарандар үчүн 3900 долларды түзгөнүн билдирген. Быйыл Сауд Арабиясы Меккеге ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 6110 орун бөлүп берген. (ZKo)

​
XS
SM
MD
LG