Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Аба ырайы: күн ысык болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет кызматы кабарлагандай, 25-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;

Таласта түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 22…27, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 29…34;

Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34;

Бийик тоолуу райондордо -1…+4, күндүз 13…18° болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 37…39° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG