Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Селекциядагы зомбулук: сот, милиция кызматкерлери жоопко тартылабы?


Иллюстрациялык сүрөт. Автор Татьяна Зеленская
Иллюстрациялык сүрөт. Автор Татьяна Зеленская
Бишкектин четиндеги Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактаган 36 жаштагы Асел Ногойбаева көргөн зомбулугу тууралуу биринчи жолу үн катты. Ал мурдагы күйөөсүнүн зөөкүрлүгү тууралуу укук коргоо органдарына бир канча жолу кайрылып, эч кандай чара көрүлбөгөнүн айтып чыкты.
Анын жактоочулары маалымат жыйын куруп, укук коргоо органдарынын шалаакылыгы боюнча Башкы прокуратурга кайрылганын билдирди.

"Менин үнүм эч кимге жеткен жок"

Мурдагы күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева видео кайрылуу жасады. Ал мурдагы күйөөсүнүн зөөкүрлүгү туурасында укук коргоо органдарына бир нече ирет кайрылганын, бирок укугу корголбогонун айтып чыкты.

"Кыргызстанга келген күндөн баштап бул зөөкүр менин жанымды бир күн дагы койгон жок. Менин кайрылбаган жерим калган жок, канча жолу арыз жаздым. Канча жолу укук коргоо органдарына кайрылдым. Менин укугум корголгон жок, менин үнүм эч кимге жеткен жок".

Каргашалуу окуяга чейин Ногойбаева бир тууган агасы менен Италияда үч жылдан ашык иштеген. Бир тууганы келиндин үй-бүлөсүндө тынчтык болбогондуктан аны Италияга алып кетүүгө аргасыз болгон экен.

"Эки жолу зордуктаган киши эркиндикте жүрөт"

Асел Ногойбаева 2022-жылы Кыргызстанга келип, топтоп келген акчасын кошуп ипотекага үй алып, балдары менен чогуу жашап турган. Ошол жылы сентябрда да мурдагы куйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, милицияга кайрылууга мажбур болгон. Ага карата зордуктоо боюнча кылмыш иши козголгондо, кайын журту ортого түшүп, ал арызын кайра алууга аргасыз болгон. Мурдагы күйөөсүнүн зомбулугу токтобой, үч айдан кийин декабрь айында дагы бир жолу запкы көргөндө кайрадан милицияга даттанган. Бул ирет да зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко ашкан. Бирок Сокулук райондук сотунун судьясы шектүүнү үч жылдык пробациялык көзөмөл менен үй камагына чыгарган. Жабырлануучу өзү, анын туугандары жана жакындары райондук соттун ушул чечимине нааразы:

"Бул жакта соттордун катасы болуп жатат. Пробацияны колдогон сот жазага тартылышы керек деп ойлойм. Мындай калтырбаш керек. Эмне үчүн эки жолу зордуктаган киши эркиндикте жүрөт? Кайра эле пробациялык көзөмөлдү одоно бузуп, карындашымдын тынчын алып, сабап жүргөн кишини кандай түшүнсө болот? Биздин мыйзам кандай иштейт, түшүнбөй калдым", - деди карындашынын абалына кайышып турган агасы Тариел Ногойбаев.

Коргоо ордери беш жолу берилген

Ногойбаеванын юристтери кылмышка шектүүнү пробациялык мөөнөткө бошотуу чечими чыккан сот жараяны судьянын иш бөлмөсүндө өткөнүн билдиришүүдө. Алардын маалыматына караганда, ал жерде камера, үн жаздыруучу аппараттар болгон эмес, отурум беш мүнөткө гана созулган.

Адвокат Улан Сейитбеков укук коргоо кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча Башкы прокуратурага арызданышканын билдирди.

"Милиция кызматкерлеринин жана Пробация органынын үстүнөн арыздандык. Себеби, 17-апрелдеги Сокулук райондук сотунун өкүмүндө "үч жылдык пробациялык көзөмөл дайындалсын" деп жазылып турат. Ошондон кийин он күндүн ичинде Пробациялык орган ишке кириши керек болчу. Айыпталуучунун тек-жайын аныктап, социалдык-психологиялык портретин түзүп коюш керек болчу. Портрет түзүлгөндө баары ачык болмок, буга чейин канча кылмыш жасап келгени, бир жыл ичинде эле беш коргоо ордери жазылганы - ушулар болгондо 20-сентябрдагы каргашалуу окуя болмок эмес деп эсептейбиз".

"Соттордун дагы, мыйзамдын дагы күнөөсү бар"

Бул арада Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков зордуктоо боюнча иштеги судьянын жоопкерчилиги каралышы керектигин белгиледи. Ал зордук-зомбулукка баргандарга мыйзам менен пробация колдонууга тыюу салынышы керек деген пикирде.

Замирбек Базарбеков
Замирбек Базарбеков

"Экинчи жолу зордуктоого айыпталганда судья ага эркинен ажыратылбаган жаза - пробация берген экен. Мен албетте аны туура эмес көрдүм. Биринчи иши кыскарса дагы, айыптоодон баш тартылса дагы жаза чектелиши керек эле. Биз Соттор кеңешине сунуш жөнөтүп жатабыз. Тез арада чара көрүп, ал судьянын ишине баа берип, чечим кабыл алып бергиле деп кайрылдык. Так айтканда, ал судья жумушунан кетиши керек болчу. Мындай соттор жарабайт. Андайды коомчулук дагы, мамлекетибиз дагы жактырбайт. Бизге негиздүү сын айтылса аны кабыл алышыбыз керек, андан качпашыбыз керек. Бул жерде соттордун дагы, мыйзамдын дагы күнөөсү бар. Мыйзамда зордуктоо кылмышын кылгандарга пробация колдонууга ачык жол берип койгон. Биздин парламент дагы муну эске алышы керек. Зордуктоо иштерине пробация колдонулбайт деген мыйзам кабыл алып бериши керек. Анан пробацияны ушинтип ачык коюп берип койгондо сотторго кудай берип жатат да",- деди Базарбеков.

Жабыркаган келиндин юристи Индира Саутова каргашалуу окуядан кийин ага медициналык жардам дагы убагында көрсөтүлбөй калганын айтты:

"Тез жардам көрсөтүлгөн эмес деп эсептесек болот. Себеби, кылмыш таңкы саат 7:30 – 8:00 аралыгында болуп, ал жерге эң жакын болгон 4-шаардык ооруканага алып келсе "каттоосу Сокулукта экен, ошол жакка алып баргыла" деген факты боюнча изилдеп такташ керек. Күбөлөр айтып жатат, дарыгерлер келген жок деп... Милиция кызматкерлери өздөрү алып кетишкен деп жатышат".

Жабырлануучу Ногойбаеванын он жаштагы уулу окуяга күбө болгон. Ал эми 17 жаштагы уулу мектепке кеткен экен. Ушул тапта аларга психологиялык жардам берилип жатканын, бирок мамлекет тарабынан эч кандай жардам болбой жатканын адвокаттар билдиришүүдө.

Ушул тапта Асел Ногойбаева ооруканада жатат. Буга чейин Түркиядан келген дарыгер пластикалык операцияны акысыз жасап берери айтылган. Бирок ага чейинки операцияларга эле 45 миң АКШ доллары керек. Бул үчүн Ногойбаеванын туугандары коомчулукка кайрылып, акча топтоого аргасыз.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу 8,5 миңден ашык факт катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG