Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

"Педофилдерди жазалайбыз" деген топтун жоболоңдуу жоругу


Ыдык көрсөткөндөрдү өз алдынча жазалоо тобунун интернетте тараган видеосу, каттары
Ыдык көрсөткөндөрдү өз алдынча жазалоо тобунун интернетте тараган видеосу, каттары

Телеграмда "педофилдерди жазалайбыз" деген топ түзүлүп, бирөөлөрдү ур-токмокко алып, опузалаган видеолору тарады. Интернеттеги кооптуу топтун мыйзамсыз жоругу кыргыз коомунда кызуу талкууланып жатат. Өзүнө жазалоочунун ролун ыйгарып алгандар боюнча милиция териштирүү баштаганын билдирди.

Быйыл 20-майда Телеграмда пайда болгон каналдын негиздөөчүлөрү жашы жете элек кыздардын сүрөттөрүн колдонуп, социалдык тармактарда фейк-аккаунттар аркылуу эркектер менен кат алышат. Эгер кимдик бирөө кайырмакка илинсе, аны жолугууга чакырып, өз алдынча жазалоого өтөт.

Телеграмдагы маалыматка караганда, "жазалоо-тарбиялоо" иштерине 16дан 19 жашка чейинки жигиттер тартылып, спорттун кайсы бир түрү менен машыккандарга артыкчылык берилет.

19-июнда жарыяланган видеодо өздөрүн "педофилдерди жазалоо" тобу деп атагандар жолугууга келгендерди сабап, опузалап жатканы көрүнөт. Алар мындай мыйзамсыз жоругун "кыздардын укугун коргоп жатканы" менен түшүндүрөт. Видеодо белгисиз бирөө эмне болуп жатканын айтып жатат:

"Биздин максатыбыз - педофилияны жок кылуу. Биз бардык жерде адилеттикти жана коопсуздукту жактайбыз. Педофилия менен күрөшүүдө улут роль ойнобойт. Биздин максат – тек-жайына карабастан бардык жарандар үчүн коопсуз коом түзүү. Биз милиция кызматкерлеринин педофилия менен кандай күрөшкөнүн көрүп атабыз. Алар канчалаган шектүүлөрдү кармаганы менен, коё берип ийип жатышат, биз өзүбүз да кармап бергенбиз. Бирок педофилдерди тийиштүү деңгээлде жазага тартпайт. Себеби милиция акчасын алып, ишти жаап коюуга ашыгат".

Телеграм каналдын башкы бетинде "Таза мен! Таза Кыргызстан! Педофилдерге жол жок!" деп жазылган.

20-майдан бери каналга үч миңден ашуун киши катталып, бул кыймылдын демилгесин колдогондор бир кыйла көбөйгөн. "Педофилдерди жазалоо" каналынын негиздөөчүлөрү күн алыс видеолорду жарыялап турат.

12-июлда жарыяланган видеодо "топтун мүчөлөрүбүз" дегендер буттары тушалып, жылаңаяк жерде отурган эркектин башына "зелёнка" чачканы көрүнөт.

Дагы бир видеодо таяк жегендер фамилиясын, атын, туулган жылын жана кыздарга эмнеге мындай сунуш жазганын айтышат.

Алардын катарында аскерде кызмат өтөгөндөр, жашы жете элек мектеп окуучулары да бар. Алар Телеграм аркылуу "курмандыктарын" таап, суракка алган учурлардан видео тартып, таратышкан.

Телеграм канал улан-кыздарды аларга кайрылып, көйгөйү тууралуу ачык айтууга үндөйт.

Ички иштер министрлигинин басма көз кызматынын башчысы Тилек Оторов "Азаттыкка" мындай жоболоңдуу жоруктан кабардар экенин, азыр териштирүү башталганын билдирди:

Тилек Оторов
Тилек Оторов

"Социалдык тармактарда чыгып жаткан маалыматты ИИМ өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп берген. Азыр текшерүү иштери жүрүүдө. Аталган Телеграм каналдын аракеттерине байланыштуу жабыркаганын билдирип, милиция органдарына кайрылгандар катталган жок. Бирок эгер кайрылуулар болсо, мыйзам чегинде каралат".

"Өз алдынча жазалоо анархияга жеткирет"

Журналист Бакай Алмаз бул топтун аракеттерине соңку эки айдан бери көз салып келатканын айтат. Ал мамлекетте сот гана кимдир бирөөнү күнөөлүү же күнөөсүз деп таап, жаза чегерерин белгилейт. Мындан улам милиция тез арада Телеграмдагы кооптуу топтун ишин бөгөттөп, маселени мыйзамга ылайык чечиши керек дейт:

"Жарандардын тиешелүү органдарга ишенбестиги, милициянын чабалдыгы, паракордугу, соттордун адилетсиздиги, кайсы бир учурларда саткындыгы тууралуу сөз кылбайм. Анткени бул тууралуу көпчүлүгүбүз кабардарбыз. Бирок тиешелүү кызматтардын компетентсиздигинин айынан өлкөдө хаос жаралышына жол бербейли. Күч органдары бейбаш, өз билемдик менен жарандарга зыян келтирип, адамдык беделин басмырлаган топторду, уюмдарды жана кыймылдарды тез арада чектөөгө алышы керек. Ошондой эле жаштар арасында көзөмөлдү күчөтүп, алдын алууга милдеттүү".

Бакай Алмаз мыйзамсыз түзүлгөн топтор, алардын жазалоочу вазийпаны колуна алганы мамлекет үчүн коркунучтуу экенин белгилейт. "Өзүм билемдик менен түзүлгөн уюмдар жана топтор күнөөсүз адамдарды дагы жазалай башташы ыктымал. Буга "Вагнер" аскердик тобу, ашынган улутчул скинхеддер же "Кырк чоро" сыяктуу топтор мисал боло алат", - деди журналист.

Ал Телеграмдагы кооптуу топтун аракеттерине байланыштуу милицияга кайрылганын да кошумчалады.

Милициянын ардагери Жеңишбек Аширбаев мындай мыйзамга каршы келген көрүнүшкө коомдогу укуктук сабатсыздык менен интернеттин таасири түрткү болуп жатканын белгилейт.

Жеңишбек Аширбаев
Жеңишбек Аширбаев

"Балдар дүйнөнү телефон аркылуу таанып калды, тилекке каршы. Ошондуктан жаштар мыйзамсыз көрүнүштөрдү жоюп, "биз жазалайбыз" дегенге барууда. Бул укуктук маалыматтын жетишсиздигинен болууда. Коом үчүн жакшы иш жасоо максатын көздөсө, алар юрист менен кеңешип, мыйзамдуу уюм түзүп, коомдук тартипти көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтсө болот. Муну коом да, укук коргоо органдары да кош колдоп колдойт. Маселен, жарандык коом канчалык күчтүү болсо, мыйзамдуулук ошончолук орнойт. Болбосо ушундай топтор ууруларды, педофилдерди өз алдынча жазалай берсе, бул анархияга жеткирет".

Кыргызстанда буга чейин дагы жарандарды өз алдынча жазалаган учурлар болгон. Май айында Таласта уурулук кылды деп шектелген адамды кармап, мамыга таңып, өз алдынча жазалоо аракетин көргөндөр болгон.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев мамлекеттүүлүктүн өзөгүн түзгөн мыйзам үстөмдүгү сөзсүз болушу керек, аны көзөмөлдөй турган мамлекеттик органдарды күчтөндүрүү зарыл деген пикирде. "Элдик сот" уюштуруп, өз алдынча жаза чектөөнү коом айыпташы керек. Болбосо мындай көрүнүштөр мамлекетке чоң коркунуч жаратышы мүмкүн дейт.

"Тилекке каршы, Кылмыш-жаза кодексинде, Административдик кодексте дагы өз алдынча жазалоочу топторду түзгөндөрдү жазага тартууга багытталган атайын жолдору каралган эмес. Мындай көрүнүштөрдү токтотуу, алдын алуу үчүн мыйзам чыгаруу органдары ойлонуп, тийиштүү кадамдарга барышы керек. Кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган мыйзам кабыл алынса, албетте, милиция органдары аларды кармайт. Азыр алар профилактикалык иштерди гана аткара алат, ыйгарым укугу жок болгондуктан зарыл чараларды көрө албайт. Мыйзамды күчтөндүрүү жакшы жыйынтыктарга алып келет. Дагы бир маселе, тартипти бузган, мыйзам жолунан адашкан адамдар сот бийлигине, президентке же болбосо укук коргоо органдарына нааразы болуп, "эгер алар мыйзамдуу иштесе, биз мындай жолго барбайт элек" дешет. Биз буга макул болбошубуз керек, себеби алар элди жетелеп, өзүн актоого аракет кылышат. Биздеги башкы маселе ушунда - ар бир жаран жоопкерчиликти сезиши керек. Эгер сот чечимди туура эмес чыгарды десе, мыйзам ар бир жаранга кайра арызданууга жол берип атат. Демек, мыйзамдуу түрдө арыз жазып, татыктуу жазаны сураганга үйрөнөлү".

Ыдык көргөн кыздар кимге кайрылат?

Сексуалдык ыдык көргөн секелектердин жана зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин ишине укук коргоо органдарынын кайдыгер мамилеси буга чейин коомдо байма-бай көтөрүлүп, маселе парламентке чейин жеткен.

Былтыр жазында блогер Назира Айтбекова сексуалдык ыдык көргөн ондогон кыз-келиндин үрөй учурган окуяларын социалдык тармактардагы баракчасына жазган. Блогер билдирүүлөрдү интернетке ачык жарыялап, укук коргоо органдарын чара көрүүгө чакырган.

Бирок андан бери эч өзгөрүү болбогонун, интернетте, коомдук жайларда, үйдө ыдык көргөн кыздар кайрылар жер жок экенин айтат:

Назира Айтбекова
Назира Айтбекова

"Мага келген миңдеген каттарды жарыялагандан кийин мамлекет көңүл кош мамиле жасап койду. Ички иштер министрлиги чара көргөн жок. Ошондуктан ушул сыяктуу жазалоо топтору чыгып, аларга кайрылып, жардам сураган кыздар көбөйүп атат. Алар ыдык көрсөткөндөрдү аныктап, таап, жазалоого өтүштү. Бул, албетте, өкүнүчтүү. Себеби мамлекеттин мыйзамы иштебей калган учурда айласы кеткен адамдар өз мыйзамдарын орното баштайт экен. Албетте, бул жаман көрүнүш. Бул мамлекеттик иштебей атканынан, мыйзамдардын тийиштүү деңгээлде каралбай жатканынан кабар берет".

Айтбекова жарыялаган каттарды социалдык тармактарда укук коргоочу, жарандык активисттер бөлүшүп, сексуалдык зордук-зомбулук кыргыз коомундагы чоң көйгөй экенин белгилешкен.

Сексуалдык ыдык көргөн, укугу бузулган өспүрүмдөр үчүн Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында балдар үчүн ишеним телефону 2015-жылдан бери иштейт. 111 ыкчам телефон номерине быйыл сегиз айда 1422 телефон чалуу түшүп, анын 55и зомбулукка байланыштуу болгонун аталган кызматтын жетекчиси Марина Жапаркулова "Азаттыкка" билдирди:

"Анын ичинен 11и - жаш балдар, калганы - улуу адамдар. Арасында сексуалдык зомбулукка кабылганы да бар. Биз телефон чалгандардын өзүлөрүнүн макулдугу менен мындай иштердин 14үн милициянын кароосуна өткөрүп бергенбиз, алар боюнча кандай чечимдер чыкканы тууралуу кабарыбыз жок. 18 жашка чейинки 10 кыз телефон чалып, жардам сураган".

Балдардын укугун коргогон Назгүл Турдубекованын айтымында, 2022-жылы 600гө жакын кыз сексуалдык ыдык көрсө, 2023-жылы бул статистика эки эсеге көбөйгөн. Турдубекова сексуалдык зомбулукка кабылган, ыдык көргөндөрдүн укугун коргоодо милиция чабалдык кыларын бир нече жолу айткан. Ал ошондой эле бир канча кесиптештери, жарандык активисттер менен Бишкек милициясынын алдында акция өткөргөн. Анда ал шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган. Укук коргоочу Ногойбаев март айынын этегинде берген маегинде өспүрүм кыздарды зордуктагандарды соттор актаган деп күнөөлөгөн.

Кыргызстанда зордуктоо фактысына байланыштуу айыл тургундары чогулуп, өзүм билемдик менен шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүрүп жиберген учурлар да аз эмес. Алсак, 2021-жылдын декабрь айында Сокулуктун айылдарынын биринде 16 жаштагы кызды зордуктоого шектүүнүн жакындарын эл айылдан чыгып кетүүсүн талап кылган. Бирок анын үй-бүлөсү бара турган жери жок экенин, кыйналып турганын айтып кечирим сураган. Ошого карабай жыйынтыгында алар үйүн таштап айылдан кетүүгө аргасыз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG