Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Сузактагы Ачы-Сай каналы ташып, сел жүрдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Боз-Чычкан айылын аралап өткөн Ачы-Сай каналы 23-мартта кечинде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам ташып, сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, социалдык мекемени жана 22 үйдү сел каптады. Учурда кырсыктын кесепетин жоюу, тазалоо иштери жүрүп жатат.

Өткөн айда нөшөрдүн айынан Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарында, Бактуу-Долоноту, Темир, Корумду, Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарын сел жүрүп, жалпысынан ондогон үйдү, короо-жайды топон суу каптаган. Ошондой эле көпүрөлөр, чарбалык жолдор бузулган.

Август айында Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү департаменти өлкө аймагында табигый кырсыктардан жапа чегиши ыктымал аймактарды изилденерин билдирген.

Кыргызстанда табигый кырсыктардын ичинен сел жана суу ташкындары эң көп зыян алып келген. Бир жылда 70тен ашуун ирет сел жүргөн, анын алтоо өзгөчө кырдаал катары катталган.

Өлкөдө төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана алардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад облустарына туура келет.

XS
SM
MD
LG