Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Мүлктү алып-сатуудагы 10% салык: “Мурда бар болчу, азыр көзөмөл күчөдү”


Кыргызстандын улуттук валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын улуттук валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын бийлиги мүлкүн мурда сатып, анын киреше салыгын эми төлөөгө мажбур болуп жаткан жарандарга салынуучу айып пулду жоюуга макул болду. Бирок алар салыктын өзүн сөзсүз төлөшү керек болот. Мунун алдында айрым тургундар бир нече жыл мурда сатып жиберген үйүнө же машинесине салык төлөбөгөнү үчүн эскертүү алганын айтып чыгышкан.

Салыкчылар жарандар сатып алган мүлкүн бир жыл ичинде кайра сатса, андан тапкан пайданын 10% салык катары төлөшү керектигин, антпесе айып пул менен үстөгүн кошо төлөй турганын маалымдаган.

Талап жумшарышы мүмкүн, бирок...

Мүлктү алып-сатууга коюлган киреше салыгына байланыштуу маселе бул ирет Жогорку Кеңештин 2023-жылкы бюджеттин аткарылышын жана 2024-жылга бюджетти бекитүүнү караган жыйынында көтөрүлдү. Башка суроолор менен чогуу айрым эл өкүлдөрү салык саясатындагы көйгөйлөрдү козгоп, кээ бир талаптар жарандар арасында нааразылык жаратып жатканын айтышты.

Депутат Максатбек Сарбагышев жаңы талаптарга ылайык мурда мүлк саткандар кайрадан салык төлөөгө аргасыз болуп жатканын айтып, муну карап чыгууга чакырды:

Максатбек Сарбагышев
Максатбек Сарбагышев

“Ар ким ар кайсы багытта иш алып барат. Бирок баары азыр мүлкүн алып-сатууда 10% киреше салыгына жыгылып жатат. Мыйзам быйыл кабыл алынса, бирок ал артка иштеп жатат. Башкача айтканда, буга чейинки алып-сатууларга салынууда. Жарандар 2016-2018-жылдары саткан машинелери үчүн, жер тилкелери, үй же башка мүлктөрдү алып саткан болсо, ошонун 10% салыгын төлөтүүнүн үстүндө иш кетип жатат”, – деди эл өкүлү 23-ноябрдагы жыйында.

Парламентке отчёт бергени келген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул суроого өзү жооп берип, “салыкка байланыштуу тиешелүү талаптар жаңыдан кабыл алынды деген жаңылыштык” экенин белгиледи. Ал мындан ары мүлктү бир жыл ичинде алып-саткан ар бир киши салык төлөй турганын, ал тургай буга чейин алып-сатып, бирок салыгын бербей койгондордон да төлөм алуу улантыларын айтты.

Жапаров болгону талап соңку жылдары күчөгөнү үчүн гана буга чейин мүлк алып саткандарга талапты жумшартуу пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, айрым категорияларды төлөмдүн туумунан жана айып пулунан бошотуу сунушу иштелип чыгат:

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

“Бул эчак эле кабыл алынган мыйзам да. Мыйзам иштей баштады. Үйүн сатып жиберип, кайра өзү башка үй сатып алса, ага эч ким доомат кылган жери жок. Бир үйдү алып сатып ийип, ошондон пайда көргөнү декларациядан чыгып калса, төлөш керек болуп жатат. Бир гана туум жана айып пул боюнча суроону “Министрлер кабинетине киргизгиле” дедик. Аны да сиздер менен акылдашканы келебиз. Бирок баары бир салыкты төлөшү керек. Өзгөчө чырылдап жаткандар – пайдубалдан баштап эле 16дай батирди өзүлдөрү сатып алышат экен да, кайра ошонун баарын сатып жиберишет экен. “Киреше кана?” десең, жок. Жалгыз үйүн сатып жибергендер кайрылып жатат, алар боюнча туум, айып пулдарын карап берели деп жатабыз. Ал эми жанагы риэлторлор сөзсүз төлөйт”, – Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы ал айтып жаткан маселе боюнча тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушу качан иштелип чыгарын жана качан парламентке киргизилерин тактаган жок.

Үн каткан жарандар

Кеп болуп жаткан маселеге байланыштуу билдирүүлөрдү айрым жарандар октябрдын башында жарыялашкан. Алгач машине алып-саткандардын бири “Унаа” мамлекеттик ишканасынан видео тартып, машине соодалоодо тоскоолдуктарга кабылып жатканын билдирген:

“Бүгүн биз машинебизди каттоо үчүн “Унаа” деген мекемеге келгенбиз. Акылбек Жапаров жаңы мыйзам чыгарыптыр, ага ылайык машинени саткандан 10% киреше салыгын алышат экен. Мисалы, сиз машинени 200 миң сомго алсаңыз, кайра сатканда 200 миң сомго саттым деп жазышыңыз керек экен. Сиз эгер машинени 100 миң сомго оңдоп, кайра 300 миң сомго сатсаңыз, демек “100 миң сом пайда көрдү” деп туруп, 10 миң сом салык алып коюшат экен”, – деген жарандардын бири.

Мунун артынан эле өзүн Перизат деп тааныштырган кыз социалдык түйүндөрдө видео кайрылуу таратып, тескөөчүлөрдөн мурда саткан мүлкүнө салык төлөө тууралуу эскертүү алганын айтып чыккан. Ал таежесинен мураска калган үйдү 2020-жылы сатканын билдирип, ошол маалда Салык кызматынан жана Мамлекеттик каттоо кызматынан эч ким салык тууралуу кабар бербегенин кеп кылган.

“Эми үч жылдан кийин салык инспектору чалып, “силер Сокулукта үй саткан экенсиңер, бирок салыгын төлөбөпсүңөр” деп айтып жатат. Мен саткан баанын 10% киреше салыгы 143 578 сом жана үч жылдагы туумду кошуп санаганда 320 000 сом болуп жатат. Эмне үчүн “ушунча пайыз салык төлөйсүңөр” деп дароо айтышкан эмес? Макул, ошол маалда карабай калышса, эмнеге бир нече күндөн кийин же бир айдан кийин айтышпайт?”, – деген.

Айтор, так ушундай билдирүүлөр удаа-удаа жарыяланды. Ортодо бир нече жаран “Азаттык” радиосуна да кайрылып, мурда саткан мүлктөрүнүн салыгына байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынан эскертүү алышканын маалымдашты. Алардын кээлери сотко кайрылса, айрымдары башка түрдүү жолдор менен чечүүгө аракет кылып жатыптыр. Ошол себептүү аты-жөнүн ачык айтып, сүйлөп берүүдөн карманышты.

Ушул эле даттануулардын фонунда депутат Улугбек Ормонов да Жогорку Кеңеште маселе көтөрүп, 5-6 жыл мурда сатылган мүлкүнө киреше салыгын төлөө талабы азыр коюлуп жатканын сынга алган:

Улукбек Ормонов
Улукбек Ормонов

“Албетте, мыйзамды бардыгы аткарышы керек, бирок бул жерде жалгыз эле ошол кишилердин күнөөсү эмес. Салык кызматынын да күнөөсү бар, убагында салыктарды чогулткан эмес. Беш жыл мурун саткан үйүнө же транспортуна кагаз келип, 10% киреше салыгын айып пул, үстөгү менен кошо төлө деп жатышыптыр. Ушул маселеге өкмөт көңүл бурса. Былтыркы-быйылкы болсо, маселе жок, колуна кагаз тиери менен төлөшү керек. Бирок мындан 5-6 жыл мурун сатылган мүлк боюнча маселе бар. Министрлер кабинети бир чечимин чыгарбаса болбойт”, – деген депутат Ормонов 19-октябрда.

Түшүндүрмө жана кайчы пикир

Ырас, Мамлекеттик салык кызматы улам кайрылуу чыгып, депутаттар улам маселе көтөргөн сайын түшүндүрмө берип келатты. Мекеме өкүлдөрү унаа жана турак жай алып сатуудагы мындай талап мурунтан эле бар экенин, азыр тескерисинче кайра жеңилдетилгенин кабарлады.

Мурда жарандар сатып алган унаасын же турак жайын эки жылдын ичинде кайра сата турган болсо, андан көргөн пайданын 10% салык катары төлөшү керек болчу. 2022-жылдан кийин бул мөөнөт бир жылга кыскарган.

Мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыков “Азаттыкка” билдиргендей, салыкчылар жарандар үй-алып сатканын мурда алардын декларациясынан улам гана билип келишкен. Эгер жарандар декларациясын тапшырбай койсо же алып-саткан мүлктөрүн анда жашырып койсо, салыкчылар билбей калышчу экен.

Былтыртан тартып Салык кызматына жарандардын үй-жай жана унаа алды-саттысы тууралуу расмий маалымат сакталган “Кадастр” жана “Унаа” мамлекеттик ишканаларынын каттоо материалдарын көрүп туруу укугу берилген. Мына ошондон улам көзөмөл күчөптүр.

Эркин Сазыков
Эркин Сазыков

"Эгер менчигиндеги мүлк сатып алгандан кийин бир жылдан соң кайра сатылса, анда салык төлөө талап кылынбайт. Мисалга алсак, А.А. аттуу жаран 3 млн сомго батир же унаа сатып алып, бир жылдын ичинде эле кайра 3,5 млн сомго сатса, алынган 500 миң сом кирешенин 50 миң сому салык катары төлөнүшү керек. Эгер ал бир жылдан кийин сатса, салык төлөбөйт. Мындан да, айталы, ортолукта ал киши 300 миң сомго оңдоо иштерин жасатса, анда ал ошол жумуштар үчүн чекти көрсөтүп, кирешесин кыскартса болот. Ошондо 200 миң сом үчүн 20 миң сом салык төлөп калат. Мүлктү бир жылдын ичинде кайра сатуудагы салык алуу жаңы жобо эмес. Ал Салык кодексинин мурунку редакцияларында да болгон, жаңылбасам, 2008-жылы киргизилсе керек эле. Бирок 2022-жылга чейин мүлккө ээлик кылуу мөөнөтү эки жылды түзүп келген, ал эми азыр бул мөөнөт бир жылга кыскарган. Ошондой эле 2022-жылдан баштап жаңы ченем күчүнө кирген, анда киреше салыгы курулушка, жасалгалоого жана оңдоого кеткен чыгымдарды алып салгандан кийин эсептелет (чыгымдарды тастыктаган тиешелүү документтер болгон учурда). Мүлктү кайра сатуудан киреше алган жарандар календардык жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшырышы керек”, – деди Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда, анын ичинен Ош шаарында бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.

Иш жүзүндө жаңы салыктар кирген жок, болгону салыктык көзөмөл күчөдү десе болот. Өкмөт муну көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жана бюджетти көтөрүү максаты менен түшүндүрүп келет. Ошентсе да калкка жана ишкерлерге алгач маалымат толук жетпей калды дегендер арбын.

Мурдагы муниципалдык кызматкер жана жарандык активист Мавлян Аскарбеков буларга токтолду:

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

“Тилекке каршы, “соңку үч жылда эмне өзгөрүү болду?” десе, салык реформасы болду, “элде эмне митингдер болду?” десе ошол реформага каршы митингдер болду деп жооп берип калдык. Салыктардын көп жыйналып жатышына, салыктардын түрүнө, ККМге жана башка нерселерге нааразылыктар болуп жатат. Коомчулук “Акылбек Жапаровдун өкмөтү экономика, курулуш, билим берүү, саламаттык сактоо, транспорт жаатында мындай жеңилдиктерди киргизип, кандай реформа жасады?” деп талкуу кылган жокпуз. Жалаң салык темасы сөз болуп, “Дордой” чыгыптыр, “Кара-Суу” базары чыгыптыр, булар нааразылык билдириптир деп келдик. Өкмөт кечээ “ички дүң продуктуну 1 триллионго жеткирип койдук” деп мактанып жатат. Элдин арасында нааразылыктар болуп жатса, казынаны триллионго жеткиргендин мааниси эмнеде? Элдин терисин тескери сыйрып, салыктарды көтөрүүнүн кажети кандай? Менимче, алгач кеминде Грузиядагыдай реформаларды жүргүзүп, элге шарт түзүп, анан салыктарды көбөйтүү керек болчу. Алар бул бар салыктар, аны төлөгөндү эл билет деп келатышат. Салык мекемеси укмуштай медиа-пропаганда жасап, “ККМ чек талап кыл!” деген чоң акция өткөрүп жатат. Бирок ошол эле маалда салыктарды төлөөдө кирген өзгөрүүлөрдү көп жарнама кылышкан жок. Ошол эле мүлктү жана унааны сатууга коюлган 10% киреше салыктарына талап күчөгөнүн бир сыйра эскертип айтыштыбы? Мына мобу датадан баштап үйүңдү сатсаң мынча, машинеңди сатсаң тигинче төлөйсүң деп айттыбы? Жок. Эл болсо же документтерди бүткөрүүгө барган учурда угуп жатат, же салыкчылар бир нече жылдан кийин чалган соң гана угуп жатат. Бул ачык эле элди тоноо болуп калып атпайбы”.

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын он айында дээрлик 200 млрд сомдой салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултканын маалымдаган. Жыйналган сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,1 млрд сомго көп. Салык мекемеси мунун себебин жогорудагы үч инструменттин – ККМ, ЭТТК жана ЭЭФтин киргизилгени менен түшүндүргөн.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салык документи.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG