Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:57

Белградда мэрияга кирүүгө аракеттенген ондогон киши кармалды


Белград мэриясынын алдында чогулгандарга полиция көздөн газ агызчу газ чачты 24-декабрь, 23-жыл.
Белград мэриясынын алдында чогулгандарга полиция көздөн газ агызчу газ чачты 24-декабрь, 23-жыл.

25-декабрдын кечинде Сербиянын баш калаасы Белграддын мэриясынын имаратына кирүүгө аракеттенген ондогон кишини токтотуу маалында жети полиция кызматкери жараат алды.

Демонстранттар мэриянын имаратынын терезе-эшиктерин сындырып, ичкери кирүүгө аракеттенгенде полиция көздөн жаш агызчу газ чачканын «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Балкан кызматы кабарлады.

Сербиянын президенти Александр Вучич нааразылык акциясын «сырттан дүрмөттөлгөн өкмөттү кулатуу аракети» деп сыпаттады. Ал 35тен ашуун киши кармалганын, дагы кармоолор уланарын да белгиледи.

«Сербия зомбулукка каршы» деп аталган оппозициялык блоктун нааразылык акциясы жети күндөн бери уланууда. Парламенттик жана жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгына нааразы болгондор жарандардын добуштары уурдалганын айтып, Белград шаардык кеңешине башкаруучу партиянын жеңип келгени тууралуу «сөз да болушу мүмкүн эместигин» белгилешет.

24-декабрда нааразылык акциясына топтолгондор мэриянын имаратына кирип, анын балконунан чогулгандарга кайрылуу жасарын билдирген. Бирок эшиктин оозунда турган полиция кызматкери аларды киргизбей койгон.

Жекшембиде нааразылык акциясы шайлоо комиссиясынын кеңсесинде башталды. Оппозициянын лидерлери - «Сербия зомбулукка каршы» блогунун лидерлери Мариника Тепич менен Мирослав Алексич президент Вучичтин «Сербиянын прогрессивдүү партиясы» шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганын айтышты.

17-декабрда Сербияда парламенттик жана жеригиликтүү шайлоо өттү. Расмий маалыматка ылайык, президент Вучичтин партиясы 47% добуш алды. Экинчи орунга "Сербия зомбулукка каршы" блогу 23% добуш менен чыкты. Үчүнчү орунда 7% добуш менен Сербиянын Социалисттик партиясы илинди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG