Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:16

Factcheck: Кыргызстан эки жылда четтен 186,16 млн доллар грант алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Factcheck.kg басылмасы 2022-жылдын январынан 2024-жылдын башына чейинки аралыкта Кыргызстан түрдүү эл аралык жана каржы уюмдарынан, башка донорлордон алган гранттар тууралуу иликтөө жарыялады.

13-февралда чыккан материалда "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам долбоору сунушталгандан бери "чет жактан каржылоо" деген түшүнүк пайда болгону жазылган.

"Бийлик сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдарды сындап, бирок өздөрү четтен алган акчалар боюнча унчукпай отурганы" белгиленген.

"Жыл сайын Кыргызстан чет элдик өнөктөштөрдөн жана банктардан миллиондогон доллар грант алат", - деп жазылган басылманын иликтөөсүндө.

Акыркы эки жылда өлкө кеминде 186,6 млн доллар грант алганын, Улуттук банктын курсу менен эсептегенде бул 23 млрд 411 млн сомго айланарын жазган. Иликтөө жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан ачык маалыматтарга таянып жүргүзүлгөнүн кошумчалап, эки жыл ичинде Кыргызстанга берилген гранттарды тизмектеген.

Негизинен сырттан келген каржы бюджетти, санариптик трансформацияны колдоо, түрдүү тармактарды өнүктүрүү, мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, жолдорду тейлөө, мамлекеттик кызматтарга кадрларды даярдоого жана башка тармактарга жумшалганы белгиленген.

Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламентти "бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү" мыйзам долбоорун четке кагууга чакырган.

23-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети аны экинчи окууда колдогон.

7-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибинен мыйзам долбоору алынган, анын себеби айтылган эмес.

Мунун алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, аталган мыйзам долбооруна байланыштуу тынчсыздануу билдирген.

Ал эгер "Чет элдик өкүл" жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердигине терс таасир этип, өлкөнүн эң чоң байлыктарынын бирине коркунуч келтирерин кошумчалаган.

Президент Садыр Жапаров Блинкенге "мыйзам долбоорунун максаты Кыргызстандагы “өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү болуп саналат" деген таризде жооп кайтарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG