Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Аба ырайы: Өткүн өтүп, күн күркүрөйт


25-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 12…14°, күндүз 21…23 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG