Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Өкмөт үч өлкөнүн темир жол долбоорун каржылоо такталганын билдирди


Тилек Текебаев, Чжэн Шанжие жана Илхом Махкамов. Бээжин. 6-июнь, 2024-жыл.
Тилек Текебаев, Чжэн Шанжие жана Илхом Махкамов. Бээжин. 6-июнь, 2024-жыл.

Министрлер кабинети 6-июнда Бээжинде “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун каржылоону, курууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү тактаган макулдашууга кол коюлганын кабарлады.

Макулдашууга Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Кытайдын өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шанжие жана Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов кол коюшту.

Өкмөт бул документ “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү жетишкендик экенин жана проектти аяктоого бекем негиз болуп берерин билдирди.

Бирок долбоордун наркы, аны каржылоо булагы жана шарты тууралуу маалымат берген жок.

Президент Садыр Жапаров макулдашууга кол коюу аземинин катышуучуларына жасаган видеокайрылуусунда темир жол курулуп бүтсө Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирип, андан ары Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чейин жаңы каттамдар ачыла турганын белгилеген.

Ал 6-майда Ош облусуна барган учурда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталарын айткан.

2022-жылдын сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусун утурлай “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Макулдашууга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөрү айтылган.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун кыргыз жергеси аркылуу өтчү линиясынын баштапкы баасы 5 миллиард доллардын тегерегинде деп бааланган. Багыттардын өзгөрүшүнө жана курулуш иштеринин аткарылышына байланыштуу суммалар алымча-кошумча болушу мүмкүн. (BTo)

XS
SM
MD
LG