"Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында быйылкы жети айда 3 млрд 649,90 млн сомдук арзан насыя берилди.
Финансы министрлигинин маалыматына караганда, арзан насыяны 9 246 ишкер алган. Анын ичинде: 7 986 ишкерге 3 241,93 млн сом “Мал чарбачылык” тармагы боюнча берилген. Ал эми 1260 ишкер “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 407,97 млн сом насыя алган.
Насыя акча “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” (РСК) банктары аркылуу берилүүдө.
Министрликтин маалыматына караганда, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган арзан насыянын быйылкы көлөмү 5 млрд сом.
Мурдараак “Айыл банктын” төрагасы Тилек Алимжанов быйыл “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору аркылуу дыйкандарга насыя берүү үчүн 7 млрд сом бөлүнгөнүн парламентте айткан. (ZKo)
Дагы караңыз