Мамдума мыйзамсыз миграция үчүн жазаны күчөткөн документ кабыл алды
Камактагы ишкер, “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Атайын кызматтын тергөө абагында өзүнө кол салганы белгилүү болду. Ага ооруканадан операция жасалып, кайра камакка киргизилди. Апасы камактагы уулун чыгарууну суранып президентке кайрылды. Чуулгандуу иштерде аты аталып жүргөн, абактагы Мелис Аспековдун видеосу тарады. Анда Аспеков 2020-жылы Райымбек Матраимовдон ири суммадагы акча алып, Садыр Жапаровго бергенин айткан. Бийлик өкүлдөрү анын мындай мазмундагы буга чейинки билдирүүлөрүн четке каккан. Газанын түндүгүнө жасалган израил армиясынын аба соккуларынан 90дой киши набыт болду. Ал арада Израил парламентинин Жакынкы Чыгыштагы палестиндерге жардам берген БУУнун агенттигинин ишине тыюу салышын эл аралык коомчулук сынга алды.
Чыгарылыштар
-
Март 11, 2026Перс булуңунан кыргыз жарандарын чыгаруу уланууда
-
Март 10, 2026Ташиев тартылган тасма талкуу жаратты
-
Март 09, 2026Жакынкы Чыгыш: Мунайдын баррели 100 доллардан ашты
-
Март 06, 2026Ажиев кайра кармалды, президенттин маеги
-
Март 05, 2026Ирандын дрону Нахчыван аэропортуна тийди
-
Март 04, 2026Иранда соккуда каза тапкан окуучулар акыркы жайга узады
Шерине