Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 71 тилке ачылат

30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо чет өлкөлөрдө 71 шайлоо тилкеси ачыла турган болду. Мындай токтомду Борбордук шайлоо комиссиясы 18-октябрда кабыл алды.

Анын ичинен эң көбү Орусияда – 22 тилке. Алар Москва, Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург, Казань, Иркутск, Владивосток, Красноярск, Воронеж, Нижний Новгород, Калуга, Сургут, Южно-Сахалинск, Хабаровск, Краснодар, Якутскиде болот.

Түркиянын Анкара, Кайсери, Эскишехир, Анталья, Аланья, Стамбул, Бурса, Измир шаарларында ачылат.

Казакстанда Астана менен Алматы шаарында түзүлсө, АКШдагы жарандар Вашингтон, Нью-Йорк, Филадельфия, Чикаго, Сан-Францискодогу тилкелерден добуш бере алат.

Мындан тышкары Түштүк Кореяда үч, Италияда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында экиден, дагы бир катар өлкөдө бирден тилке ачылат.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоонун эреже-тартиби, талап өзгөргөн. Анда өлкөдө 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).

Шерине

​
XS
SM
MD
LG